ЖЭЭРЕНЧИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЭЭРЕНЧИ (2004-ж. чейин Л е н и н-Ж о л) – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Жазы айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1010 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 15 км чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 60 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 2715 (2009); негизинен дыйкан чарбасын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, мончо иштейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Ж. Мойдунов туулган.