ЖУМГАЛ РАЙОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
17 сап: 17 сап:
«Жумгал-Ата» телекөрсөтүүсү уюштурулган.
«Жумгал-Ата» телекөрсөтүүсү уюштурулган.
<br>Райондун калкын 195 орундуу борб., 95 орун&shy;дуу 2 айылдык оорукана, шаардык оорукана,
<br>Райондун калкын 195 орундуу борб., 95 орун&shy;дуу 2 айылдык оорукана, шаардык оорукана,
 
4 айылдык-врачтык амбулатория ж-а 10 үй-бү&shy;лөлүк врачтар тобу, 8 ФАП ж-а санитария-эпи&shy;демиол. станция, 2 дарыкана тейлейт. Аларда 75 врач, 387 мед. орто билимдүү адис эмгекте&shy;нет. Райондук «Демилге» гезити кыргыз тилинде
чыгат.


[[File:ЖУМГАЛ РАЙОНУ88.png | thumb | Жумгал району. Масштабы 1:1 000 000]]
[[File:ЖУМГАЛ РАЙОНУ88.png | thumb | Жумгал району. Масштабы 1:1 000 000]]
   
   
4 айылдык-врачтык амбулатория ж-а 10 үй-бү&shy;лөлүк врачтар тобу, 8 ФАП ж-а санитария-эпи&shy;демиол. станция, 2 дарыкана тейлейт. Аларда 75 врач, 387 мед. орто билимдүү адис эмгекте&shy;нет. Райондук «Демилге» гезити кыргыз тилинде
<i>К. Аттокурова, А. Мырзаев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
чыгат. <i>К. Аттокурова, А. Мырзаев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]]

14:05, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУМГАЛ РАЙОНУ Нарын облусунда. 1932-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Чүй обл., түштүгүнөн То­гуз-Торо (Жалал-Абад обл.), Ак-Талаа, Нарын, батышынан Токтогул (Жалал-Абад), чыгышы­нан Кочкор р-ндору м-н чектешет. Чүй өрөөнүнөн Кыргыз Ала-Тоосу бөлүп турат. Аянты 5221 км2, батыштан чыгышка 100–120 кмге, түндүктөн түштүккө 70–80 кмге созулат. Калкы 40,8 миң (2009). Борбору – Чаек кыш.
Район толугу м-н Ички Теңир-Тоодо жайгаш­кан. Жери тоолуу, деңиз деңг. 2000 мден жого­ру жатат. Түндүгүнөн Жумгал кырка тоосу, түш­түгүнөн Молдо-Тоо, чыгышынан Сандык тоо­су, батышынан Суусамыр кырка тоосу чектейт. Аймагынын эң бийик жери – 4185 м, Миң-Куш чокусу. Молдо-Тоонун Көкөмерен капчыгайы­на ж-а Миң-Куш өрөөнүнө караган түн. кап­талдары жазы, батышы тик ж-а аскалуу. Ра­йондун аймагы кең байлыктарга бай. Кара-Кече, Кабак, Миң-Куш, Көк-Мойнок, Кара-Суу күрөң көмүр, курулуш материал кендери, минерал­дуу суу булактары ж. б. бар. Климаты конти­ненттик. Кышы суук ж-а узак; январдын орт. темп-расы –15... –16°С, жайы ысык (өрөөндө 30–32°С). Жылдык жаан-чачыны тоолорунда 250–500 мм, өрөөнүндө 350–370 мм. Ири суула­ры: Көкөмерен, Жумгал, Суусамыр, Каракол ж. б., көлдөрү: Соңкөл, Ак-Көл, Сары-Көл, Баш-Куу­ганды, Сандык ж. б. Райондун аймагында ачык куба, коңур, тоо шалбаалуу талаа субальп, тоо шалбаалуу каралжын, тоо токойлуу, тоо чым­чала чым көңдүү альп топурактары таралган.
Ачык куба күрөң топурак өрөөндүн таманын ээлеп, негизги жер фондусун түзөт. Өсүмдүктөрү тоолуу рельефине ж-а климаттык шарттары­нын бийиктикке жараша өзгөрүшүнө байланыш­туу ар түрдүү. Өрөөндүн таманында ж-а тоо этек­теринде чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү тарал­ган. Жалпысынан эфемерлер, эфемероиддер ба­сымдуу. Алар бетеге, ак кылкан, эрмен, кой тикен, төө таман, чий, кокуй тикен, чекенди ж. б. Өрөөндүн 2000 м бийиктикте жаткан түзөң жерлери м-н тоо этектерин чөл ж-а жарым чөл зоналары ээлейт; мындагы боз топуракта чий, шыбак, эрмен, суу жээктеринде шалбаа өсүм­дүктөрү өсөт. Өрөөндөрдү курчаган тоолордун капталдарына субальп, альп (3300 м) шалбаа­лары мүнөздүү; алар негизинен жайытка пай­даланылат. Кабак тоосунун тескей беттеринде карагай, бадалдуу токой, Суусамыр, Батыш Караколдун төмөнкү агымдарын бойлой тал, терек, чычырканак ж. б. өсөт. Жеринин басым­дуу бөлүгү таштуу, жылаңач дөңсөөлүү аймак­ты түзөт. Дыйканчылыкка ыңгайлуу жери де­ңиз деңг. 1400–2300 м бийиктикте жайгашкан. Калкынын негизин кыргыздар түзөт; о. эле орус, татар, украин, өзбек, уйгур, тажик, дуң­ган ж. б. улуттар да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 8 киши. Райондо 10 айыл өкмөтү, 26 кыштак, Миң-Куш шаарчасы бар. Райондо төрөлүү коэффициенти 23,9‰ни, өлүм-житим 8,8‰ни түзөт.
Райондун чарбасы негизинен а. ч. багытын­да. Дан эгиндери, тоют, картөшкө, жашылча, бир аз жер жемиш (бакча) өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Колхоз-совхоздор 1990–95-ж. толук бойдон ре­форма болгон. Райондо бардыгы 6564 чарбалык субъект (а. и. үй-бүлөлүк фермер чарбалары), 134 ирилешкен дыйкан чарбасы, ортолук менчик­те иштөөчү 11 үрөн чарбасы (техсервис жайы), жеке менчик негизиндеги 24 чакан мал чарба ишканалары иштеген. Булардан сырткары Миң- Куш шаарчасында, Чаек, Чоң-Арал кыш-нда 3087 өздүк чарба бар. Райондо 110,1 миң кой, эчки, 21,5 миң уй, 617 топоз, 18,6 миң жылкы, 31,1 миң үй кушу бар. 2006-ж. райондун чарба­лары 9,1 миң т эт (тирүүлөй салмагы), 21,1 миң т сүт, 363 т жүн, 1,5 млн даана жумуртка өндүр­гөн. Ушул эле жылы а. ч-га жарактуу жери 383,6 миң га, чабынды 2653 га, жайыт 361,0 миң га болгон. Дан эгиндери (9580 га), картөшкө (112 га), жашылча (27 га) айдалган. Дыйкан­чылыктан 2006-ж. 7,7 миң т дан, 10,6 миң т картөшкө, 2,4 миң т жашылча, 113 т мөмө-же­миш жыйналган.
Ө. ж. ишканаларынан Миң-Куш шаарчасын­да «Оргтехника» АК, нан з-ду, Миң-Куш көмүр кенин казган «Ак-Улак» МАК, Кара-Кече көмүр кенин казган «Ак-Жол» АК, «Шарбон» ЖАК, «Демилге+ЛДТ» ЖЧК, «Беш-Сары» ПКФ, Чаек эт комбинаты («Жумгал» АК), а. ч. техникала­рын ремонттоочу чакан ишкана, тегирмендер, колбаса ж-а консерва чыгаруучу, жашылча-же­миш кургатуучу, макарон (кесме) жасоочу ж-а өсүмдүк майын сыгуучу цехтер, о. эле минерал­дык суу куючу «Чабыт» биргелешкен ишкана­сы ж. б. иштейт. Алар 2006-ж. 37,1 млн сомдук (облустун 5,5%) ө. ж. продукциясын чыга­рышкан.
Райондун аймагы аркылуу Кочкор – Чаек – Миң-Куш, Тунук – Суусамыр – Арал автомо­биль жолдору өтөт. Чаек – Бишкек, Чаек – На­рын каттамдары иштейт. Райондун автомобиль транспорту м-н 2006-ж. 106,1 миң т жүк ташыл­са, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 20,4 млн жүргүнчү-километрди түзгөн. Калкка көрсөтүл­гөн акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 42,1 млн сомго жеткен.
Райондо жалпы билим берүүчү 27 мектеп (а. и. 23 орто, бир негизги, 3 башталгыч) бар. Бир ка­тар мектептерде англис тилин окутуу б-ча топ­тор, компьютер кабинеттери, математика ж. б. сабактар б-ча лицей, гимназиялык класстар түзүлгөн. Балдардын спорт мектеби ж-а «Жа­лын» эс алуу лагери иштейт. Райондо кесип­тик-тех. окуу жайы, кесиптик лицей, муз. мек­теп, 6 бала бакча, 11 клуб, 22 китепкана, мад-т үйү ж-а кинотеатр бар. Жумгал элдик театры, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында «Тат­тыбүбү» ыр-бий ансамбли, «Жумгал инсандары» көркөм-этногр., тарых музейи, райондун ичин­де болуп жаткан күндөлүк жаңылыктарды, экон. ж-а социалдык маданий турмушту рефор­ма кылуу абалын элге жеткирүү максатында «Жумгал-Ата» телекөрсөтүүсү уюштурулган.
Райондун калкын 195 орундуу борб., 95 орун­дуу 2 айылдык оорукана, шаардык оорукана, 4 айылдык-врачтык амбулатория ж-а 10 үй-бү­лөлүк врачтар тобу, 8 ФАП ж-а санитария-эпи­демиол. станция, 2 дарыкана тейлейт. Аларда 75 врач, 387 мед. орто билимдүү адис эмгекте­нет. Райондук «Демилге» гезити кыргыз тилинде чыгат.

Жумгал району. Масштабы 1:1 000 000

К. Аттокурова, А. Мырзаев.