ЗАСТАВА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗАСТА́ВА а с к е р д и к – 1) жүрүштө баратканда ж-а бир жерге жайгашканда аскерлерди душмандан кайтаруучу жоокерлер тобу. Жүрүштө кайтаруучу З. алдыңкы, каптал жаккы, ооруктагы, токтогон жерде кайтаруучу З. күзөт ж-а өзүнчө күзөт З. деп бөлүнөт. З. душмандын капысынан кол салуусунун алдын алуу, анын чалгынчысынын кирип кетишине жол бербөө, аскерлердин жайгашуусу ж-а согушка кирүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү ж. б. милдеттерди аткарат; 2) чек ара З-сы – мамл. чек аранын белгилүү бир участкасын кайтаруучу штаттуу аскер бөлүкчөсү.