ЗАТАЕВИЧ Александр Викторович: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (Lera moved page ЗАТАЕВИЧ to ЗАТАЕВИЧ Александр Викторович) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗАТАЕ́ВИЧ</b> Александр Викторович [8 (20). 3. | <b type='title'>ЗАТАЕ́ВИЧ</b> Александр Викторович [8 (20). 3. 1869‚ Орёл губерниясы, Болхов – 6. 12. 1936‚ Москва] – орус музыка изилдөөчүсү‚ музыкант-­этнограф жана композитор. Казак ССР эл артисти (1923). Музкалык билимди Орёл шаарындагы аскер гим­назиясынан алган (1886). 1904–1915-жылдары Варшавада иштеп‚ орус жана батыш классиктеринин чыгармала­ры‚ элдик музыка жөнүндө ма­калаларды жазган. Чыг­армачылык жолу казак элинин музыкалык маданияты менен тыгыз бай­ланыштуу. | ||
1869‚ Орёл губерниясы, Болхов – 6. 12. 1936‚ Москва] – орус музыка изилдөөчүсү‚ музыкант­этнограф | |||
[[File:ЗАТАЕВИЧ15.png | thumb | none]] | [[File:ЗАТАЕВИЧ15.png | thumb | none|361x361px]]Ал 2300дөн ашуун казак эл ырларын‚ күүлөрүн нотага түшүрүп, Оренбургдан «1000 песен киргизского (казахского) народа» аттуу жыйнак чыгарган (1925). Ага 1924-жылы жазылып алынган кыргыздын 8 ыры («Cекетбай»‚ «Күңөтай»‚ «Ашыктык»‚ «Арман­дуу дүйнө» жана башкалар) кирген. Затаевич 1928-жылы Кыргыз АСCР эл агартуу комиссариатынын чакыруусу боюнча Фрунзеге келип‚ Муратаалы‚ Токтогул‚ Карамолдо‚ Жолой‚ А. Малдыбаев жана башкалардан обон ­күүлөрдү жаздырып алып‚ «Кыргыздын 250 күүсү жана обону» деген ат менен 1934-жылы Москвадан китеп чыгарган. 1936-жылы Затаевич Кыргызстанга экинчи жолу келип‚ Атай‚ Муса‚ Калык‚ Cаид‚ Молдо­басан‚ Ыбырай‚ Шаршенден 170 ыр-күү жазып алган‚ А. Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан»‚ «Күн бүгүн»‚ «Тилек» жана башка 10 ырын фортепья­но үчүн иштеп чыккан. 1971-жылы Затаевичтин «Кыргыз­дын аспаптык күүлөрү жана обондору» де­ген жыйнагы (түзгөн жана редактору В. C. Ви­ноградов) жарык көргөн. Затаевич татар‚ уйгур‚ дун­ган жана башка элдердин музыкалык чыгармаларын да жый­нап‚ нотага түшүргөн. Ал казак‚ кыргыз музы­касынын теориялык жанаа тарыхый маселелеринин че­чилишине зор үлүш кошуп‚ профессионал му­зыкасынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзгөн. Анын эмгектерин айрым орус композиторлору да пай­даланышкан. | ||
12 сап: | 8 сап: | ||
<i>Б. Алагушов</i>. | <i>Б. Алагушов</i>. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:29, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЗАТАЕ́ВИЧ Александр Викторович [8 (20). 3. 1869‚ Орёл губерниясы, Болхов – 6. 12. 1936‚ Москва] – орус музыка изилдөөчүсү‚ музыкант-этнограф жана композитор. Казак ССР эл артисти (1923). Музкалык билимди Орёл шаарындагы аскер гимназиясынан алган (1886). 1904–1915-жылдары Варшавада иштеп‚ орус жана батыш классиктеринин чыгармалары‚ элдик музыка жөнүндө макалаларды жазган. Чыгармачылык жолу казак элинин музыкалык маданияты менен тыгыз байланыштуу.

Ал 2300дөн ашуун казак эл ырларын‚ күүлөрүн нотага түшүрүп, Оренбургдан «1000 песен киргизского (казахского) народа» аттуу жыйнак чыгарган (1925). Ага 1924-жылы жазылып алынган кыргыздын 8 ыры («Cекетбай»‚ «Күңөтай»‚ «Ашыктык»‚ «Армандуу дүйнө» жана башкалар) кирген. Затаевич 1928-жылы Кыргыз АСCР эл агартуу комиссариатынын чакыруусу боюнча Фрунзеге келип‚ Муратаалы‚ Токтогул‚ Карамолдо‚ Жолой‚ А. Малдыбаев жана башкалардан обон күүлөрдү жаздырып алып‚ «Кыргыздын 250 күүсү жана обону» деген ат менен 1934-жылы Москвадан китеп чыгарган. 1936-жылы Затаевич Кыргызстанга экинчи жолу келип‚ Атай‚ Муса‚ Калык‚ Cаид‚ Молдобасан‚ Ыбырай‚ Шаршенден 170 ыр-күү жазып алган‚ А. Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан»‚ «Күн бүгүн»‚ «Тилек» жана башка 10 ырын фортепьяно үчүн иштеп чыккан. 1971-жылы Затаевичтин «Кыргыздын аспаптык күүлөрү жана обондору» деген жыйнагы (түзгөн жана редактору В. C. Виноградов) жарык көргөн. Затаевич татар‚ уйгур‚ дунган жана башка элдердин музыкалык чыгармаларын да жыйнап‚ нотага түшүргөн. Ал казак‚ кыргыз музыкасынын теориялык жанаа тарыхый маселелеринин чечилишине зор үлүш кошуп‚ профессионал музыкасынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзгөн. Анын эмгектерин айрым орус композиторлору да пайдаланышкан.
Чыг.: Киргизские инструментальные пьесы и напевы / Сост. В. С. Виноградов. М., 1971. Б. Алагушов.