ЗАЧЁТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЗАЧЁТ – окуучу, студенттердин билим деңгээ­лин жыйынтыктоо ж-а аны текшерүүнүн, баа­лоонун бир формасы. З. жеке ж-а топтук аңге­мелешүү же жазуу түрүндө семинар, практика­лык окуу, лабораториялык иш, о. эле тест фор­масында өткөрүлөт. Реферат, дилбаян, доклад формасында да болот. Сессия башталардан му­рун модул тапшырылып, андан алган баллына жараша З. коюлат. Студент эреже катары окуу планында көрсөтүлгөн З-тун бардыгын берген­ден кийин гана экзамендик сессияга жиберилет.