ЗЕРГЕР 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЕРГЕР</b> (фарсча зэргэр – алтын буюмдар уста­сы) – асыл (алтын, күмүш, платина | <b type='title'>ЗЕРГЕР</b> (фарсча зэргэр – алтын буюмдар уста­сы) – асыл (алтын, күмүш, платина жана башка) жана түстүү металлдардан көркөм буюмдарды жасоо­чу чебер уста. Алар өз алдынча устаканада уза­нышып, бирден-экиден шакирт (окуучу) кар­машкан. Асем буюмдарын (<i>билерик, искек, жел­бирөөч, оймок, шакек, топчу, төөнөгүч, сөйкө, чолпу</i> жана башкалар) жасашкан. Ошондой эле ат жабдыкта­рын (<i>ээр, жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, бас­майыл, камчы, үзөнгү</i> жана башкалар), жоо-жарактарын (<i>айбалта, саадак, калкан жана башка</i>), үй эмеректерин <i>(ала бакан, жагдан, үкөк жана башка</i> музыкалык аспаптарды (<i>ооз комуз, сыбызгы, чоор</i> жана башкалар), аңчылык (<i>то­мого, балдак</i>) жана жыгач, мүйүз, <i>көн (шири</i>) буюмдарын шөкөттөгөн. Кыргызда «Эр кады­рын эл билет, зер кадырын зергер билет» деген макал ошондон улам айтылса керек. | ||
чолпу</i> | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:11, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЗЕРГЕР (фарсча зэргэр – алтын буюмдар устасы) – асыл (алтын, күмүш, платина жана башка) жана түстүү металлдардан көркөм буюмдарды жасоочу чебер уста. Алар өз алдынча устаканада узанышып, бирден-экиден шакирт (окуучу) кармашкан. Асем буюмдарын (билерик, искек, желбирөөч, оймок, шакек, топчу, төөнөгүч, сөйкө, чолпу жана башкалар) жасашкан. Ошондой эле ат жабдыктарын (ээр, жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл, камчы, үзөнгү жана башкалар), жоо-жарактарын (айбалта, саадак, калкан жана башка), үй эмеректерин (ала бакан, жагдан, үкөк жана башка музыкалык аспаптарды (ооз комуз, сыбызгы, чоор жана башкалар), аңчылык (томого, балдак) жана жыгач, мүйүз, көн (шири) буюмдарын шөкөттөгөн. Кыргызда «Эр кадырын эл билет, зер кадырын зергер билет» деген макал ошондон улам айтылса керек.