ЗЕРГЕР 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЗЕРГЕР</b> (фарсча зэргэр – алтын буюмдар уста&shy;сы) – асыл (алтын, күмүш, платина ж. б.) ж-а түстүү металлдардан көркөм буюмдарды жасоо&shy;чу чебер уста. Алар өз алдынча устаканада уза&shy;нышып, бирден-экиден шакирт (окуучу) кар&shy;машкан. Асем буюмдарын (<i>билерик, искек, жел&shy;бирөөч, оймок, шакек, топчу, төөнөгүч, сөйкө,
<b type='title'>ЗЕРГЕР</b> (фарсча зэргэр – алтын буюмдар уста&shy;сы) – асыл (алтын, күмүш, платина жана башка) жана түстүү металлдардан көркөм буюмдарды жасоо&shy;чу чебер уста. Алар өз алдынча устаканада уза&shy;нышып, бирден-экиден шакирт (окуучу) кар&shy;машкан. Асем буюмдарын (<i>билерик, искек, жел&shy;бирөөч, оймок, шакек, топчу, төөнөгүч, сөйкө, чолпу</i> жана башкалар) жасашкан. Ошондой эле ат жабдыкта&shy;рын (<i>ээр, жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, бас&shy;майыл, камчы, үзөнгү</i> жана башкалар), жоо-жарактарын (<i>айбалта, саадак, калкан жана башка</i>), үй эмеректерин <i>(ала бакан, жагдан, үкөк жана башка</i> музыкалык аспаптарды (<i>ооз комуз, сыбызгы, чоор</i> жана башкалар), аңчылык (<i>то&shy;мого, балдак</i>) жана жыгач, мүйүз, <i>көн (шири</i>) буюмдарын шөкөттөгөн. Кыргызда «Эр кады&shy;рын эл билет, зер кадырын зергер билет» деген макал ошондон улам айтылса керек.
чолпу</i> ж. б.) жасашкан. О. эле ат жабдыкта&shy;рын (<i>ээр, жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, бас&shy;майыл, камчы, үзөнгү</i> ж. б.), жоо-жарактарын (<i>айбалта, саадак, калкан ж. б.</i>), үй эмеректерин <i>(ала бакан, жагдан, үкөк ж. б),</i> муз. аспаптарды (<i>ооз комуз, сыбызгы, чоор</i> ж. б.), аңчылык (<i>то&shy;мого, балдак</i>) ж-а жыгач, мүйүз, <i>көн (шири</i>) буюмдарын шөкөттөгөн. Кыргызда «Эр кады&shy;рын эл билет, зер кадырын зергер билет» деген макал ошондон улам айтылса керек.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

05:11, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЗЕРГЕР (фарсча зэргэр – алтын буюмдар уста­сы) – асыл (алтын, күмүш, платина жана башка) жана түстүү металлдардан көркөм буюмдарды жасоо­чу чебер уста. Алар өз алдынча устаканада уза­нышып, бирден-экиден шакирт (окуучу) кар­машкан. Асем буюмдарын (билерик, искек, жел­бирөөч, оймок, шакек, топчу, төөнөгүч, сөйкө, чолпу жана башкалар) жасашкан. Ошондой эле ат жабдыкта­рын (ээр, жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, бас­майыл, камчы, үзөнгү жана башкалар), жоо-жарактарын (айбалта, саадак, калкан жана башка), үй эмеректерин (ала бакан, жагдан, үкөк жана башка музыкалык аспаптарды (ооз комуз, сыбызгы, чоор жана башкалар), аңчылык (то­мого, балдак) жана жыгач, мүйүз, көн (шири) буюмдарын шөкөттөгөн. Кыргызда «Эр кады­рын эл билет, зер кадырын зергер билет» деген макал ошондон улам айтылса керек.