ЗИГОМИЦЕТТЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗИГОМИЦЕТТЕР (Zygomycetes) – козу карындар классы. Көп ядролуу, клеткасыз мицелийи жакшы өөрчүгөн. Айрымдарынын таллому жакшы өөрчүгөн көп ядролуу мицелийден турат. Клетка кабыгын хитин ж-а хитозан түзөт. Жыныстык көбөйүү кыймылсыз споралар аркылуу ишке ашат. Алардын жыныс процесси – зигоспораны пайда кылуучу зигогамия (аты ошондон). Жыныссыз көбөйүү органы морфол. жактан ар түрдүү (систематикалык белгиси). Кыймылсыз споралар спорангийде (эндогендик) жайгашат, кээде спора экзогендик – конидияларда өөрчүйт. З-дин 4 катарга кирген 500дөн ашык түрү кеңири таралган. Сапрофиттер, о. эле мителери да бар. Кээ бир түрү микробиол. ж-а тамак-аш ө. ж-нда, зыяндуу курт-кумурскаларга каршы күрөшүүдө пайдаланылат.