ЗООЛУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗООЛУ – күнөөлүү деп эсептелген, камакка алынган адамдардын колу-бутуна, моюнуна салына турган кишен. Ал жоон чынжырлар м-н бириктирилген бекиме темир билериктер түрүндө жасалган. З-нун колго, бутка же экөөнө тең салынуучу, о. эле бутка, колго, моюнга чогуу салынуучу түрлөрү болгон. З-нун билерикчелеринин ар биринин өзүнчө ачкычы болуп, бир З. эки, төрт ж-а беш ачкыч м-н ачылган. З. салынган кишини ошо бойдон оор жумуш иштөөгө мажбурлашкан. З. илгерки заманда Кытайда, Чыңгызхандын мамлекетинде, Иранда, падышалык Россияда сүргүнгө айдалган адамдарга кеңири колдонулган.