ИБРАЕВ Анарбек: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Lera moved page ИБРАЕВ 1 to ИБРАЕВ Анарбек) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИБРАЕВ</b> Анарбек (4. 4. | <b type='title'>ИБРАЕВ</b> Анарбек (4. 4. 1951-жылы туулган‚ Ысык-Көл облусу‚ Ак-Суу району‚ Тепке айылы) – ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999). Кыргыз мамлекеттик филармония­сынын алдындагы эки жыл­дык студияны (1969)‚ Б. Бей­шеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1979) бүтүргөн. Чыгармачылыгы 1969-жылдан башталган. Адегенде Ч. Кожомжаров жетектеген туңгуч кыргыз эстрада ансамблин­де‚ 1981-жылдан К. Орозов атындагы Кыргыз эл ас­паптар оркестринде‚ бир эле мезгилде А. Малды­баев атындагы | ||
1951- | |||
[[File:ИБРАЕВ 145.png | thumb | none|381x381px]] | |||
[[File:ИБРАЕВ 146.png | thumb | А. Моцарттын «Сыйкырдуу чоор» операсында А. Иб­раев – канзаада Тамино. 1998.]] | |||
Кыргыз мамлекеттик опера жана балет теат­рында (1992-жылдан) солист. М. Рыскулбеков («Эжелерим‚ агайым»)‚ C. Жумалиев («Таң сы­ры»‚ «Үзүлбөгөн үмүттөр»‚ «Cары-Челек»)‚ Ж. Ше­ралиев («Кыргыз жайлоосу»‚ «Эстей берем»)‚ А. Керимбаев («Көл баяны»)‚ C. Бактыгулов («Ырымды сага арнаймын»)‚ Ш. Дүйшөналиев («Кумаркөз») жана башка обончулардын ырларын че­бер аткарат. Операда ырдаган партиялары: Сыр­гак, Күлчоро, (А.Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», «Айчүрөк»), Болот (Ж. Каниметов, «Ак Мөөр»), Ленский (П. Чайковский, «Евгений Оне­гин»), Альмавива (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), канзаада Тамино (А. Моцарт, «Сыйкырдуу чоор») жана башкалар. Италия‚ Франция‚ Тунис‚ Румыния‚ Түркия жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:38, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИБРАЕВ Анарбек (4. 4. 1951-жылы туулган‚ Ысык-Көл облусу‚ Ак-Суу району‚ Тепке айылы) – ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999). Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы эки жылдык студияны (1969)‚ Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1979) бүтүргөн. Чыгармачылыгы 1969-жылдан башталган. Адегенде Ч. Кожомжаров жетектеген туңгуч кыргыз эстрада ансамблинде‚ 1981-жылдан К. Орозов атындагы Кыргыз эл аспаптар оркестринде‚ бир эле мезгилде А. Малдыбаев атындагы


Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында (1992-жылдан) солист. М. Рыскулбеков («Эжелерим‚ агайым»)‚ C. Жумалиев («Таң сыры»‚ «Үзүлбөгөн үмүттөр»‚ «Cары-Челек»)‚ Ж. Шералиев («Кыргыз жайлоосу»‚ «Эстей берем»)‚ А. Керимбаев («Көл баяны»)‚ C. Бактыгулов («Ырымды сага арнаймын»)‚ Ш. Дүйшөналиев («Кумаркөз») жана башка обончулардын ырларын чебер аткарат. Операда ырдаган партиялары: Сыргак, Күлчоро, (А.Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», «Айчүрөк»), Болот (Ж. Каниметов, «Ак Мөөр»), Ленский (П. Чайковский, «Евгений Онегин»), Альмавива (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), канзаада Тамино (А. Моцарт, «Сыйкырдуу чоор») жана башкалар. Италия‚ Франция‚ Тунис‚ Румыния‚ Түркия жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.