ИБРАИМОВ Осмонакун: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page ИБРАИМОВ 5 to ИБРАИМОВ Осмонакун) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИБРАИМОВ</b> Осмонакун (5. 1. 1954- | <b type='title'>ИБРАИМОВ</b> '''Осмонакун''' (5. 1. 1954-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кан-Коргон айылы) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1991), профессор (1995), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2003). | ||
[[File:ИБРАИМОВ 552.png | thumb | none]] | [[File:ИБРАИМОВ 552.png | thumb | none]] | ||
КМУну | КМУну бүтүргөн (1978). Кыргызстан жазуучулар союзу­нун экинчи секретары (1988), КРдин Президентинин ад­министрациясында бөлүм башчы (1992), КРдин Прези­дентинин басма сөз кат­чысы (1992–96), КРдин ви­це-премьер-министри (1993– 96), КРдин Индия, Бангла­деш, Непал ж-а Шри-Ланка мамлекеттериндеги атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси (1996–99), КРдин мамлекеттик катчысы болуп иштеген. 2007-жылдан КРСУнун ж-а Ататүрк-Ала-Тоо университетинин про­фессору. «Адабий классиканын азыркы өмүрү» аттуу биринчи китебине (1982) дүйнөлүк ж-а орус классикасынын айрым чыгармаларын кыргыз тилине которуу маселелерин козгогон изил­дөөлөрү ж-а Ч. <i>Айтматовдун</i> чыгармачылыгындагы адам концепциясына арналган макалалары топ­толгон. «Көз караш» деген ат м-н 1984-жылы жа­рык көргөн экинчи жыйнагында 1970–80-жыл­дардагы кыргыз поэзиясындагы лириканын идеялык-эстетикалык абалын сынга алган курч талаш макалалар орун алган. Анын адабият таа­нуудагы негиздүү изденүүсү кайра куруу мезги­линде ж-а эгемендүүлүк алгандан кийин бөтөнчө орчундуу мааниге ээ болгон тарыхтын «актай барактарына» багытталган. 1920–50-жылдарда­гы кыргыз профессионал поэзиясынын жаралы­шына ж-а өнүгүүсүнө «История кыргызской со­ветской лирики» деген монографиялык изил­дөөсү арналган (1991-, 2000-ж. басылып чык­кан). Ушул эле эмгегин кийинки басылышын­да жаңыча, эркин көз карашта кайрадан иш­теп чыгып тоталитардык коомдун саясий­идеологиялык шартында «көз жарган» жазма поэзия­ны, ага илимий көз караштын пайда болуусун, кыр­гыз поэзиясынын түптөлүү ж-а өсүп-өнүгүү жо­лун илимий жактан кеңири ж-а терең талдоого алган. Ибраимов III даражадагы Манас ордени м-н сый­ланган (2003). | ||
ж-а ыйгарым укуктуу элчиси (1996–99), КРдин | |||
Эмг.: Современная жизнь литературной классики. Ф., 1982; Көз караш. Ф., 1984; История кыргызской советской литературы (авторлош). Ф., 1984; История и поэзия. Б., 2000. | |||
<p align='right'><i type='author'>Ж. Медералиева.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ж. Медералиева.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
04:52, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИБРАИМОВ Осмонакун (5. 1. 1954-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кан-Коргон айылы) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1991), профессор (1995), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2003).

КМУну бүтүргөн (1978). Кыргызстан жазуучулар союзунун экинчи секретары (1988), КРдин Президентинин администрациясында бөлүм башчы (1992), КРдин Президентинин басма сөз катчысы (1992–96), КРдин вице-премьер-министри (1993– 96), КРдин Индия, Бангладеш, Непал ж-а Шри-Ланка мамлекеттериндеги атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси (1996–99), КРдин мамлекеттик катчысы болуп иштеген. 2007-жылдан КРСУнун ж-а Ататүрк-Ала-Тоо университетинин профессору. «Адабий классиканын азыркы өмүрү» аттуу биринчи китебине (1982) дүйнөлүк ж-а орус классикасынын айрым чыгармаларын кыргыз тилине которуу маселелерин козгогон изилдөөлөрү ж-а Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы адам концепциясына арналган макалалары топтолгон. «Көз караш» деген ат м-н 1984-жылы жарык көргөн экинчи жыйнагында 1970–80-жылдардагы кыргыз поэзиясындагы лириканын идеялык-эстетикалык абалын сынга алган курч талаш макалалар орун алган. Анын адабият таануудагы негиздүү изденүүсү кайра куруу мезгилинде ж-а эгемендүүлүк алгандан кийин бөтөнчө орчундуу мааниге ээ болгон тарыхтын «актай барактарына» багытталган. 1920–50-жылдардагы кыргыз профессионал поэзиясынын жаралышына ж-а өнүгүүсүнө «История кыргызской советской лирики» деген монографиялык изилдөөсү арналган (1991-, 2000-ж. басылып чыккан). Ушул эле эмгегин кийинки басылышында жаңыча, эркин көз карашта кайрадан иштеп чыгып тоталитардык коомдун саясийидеологиялык шартында «көз жарган» жазма поэзияны, ага илимий көз караштын пайда болуусун, кыргыз поэзиясынын түптөлүү ж-а өсүп-өнүгүү жолун илимий жактан кеңири ж-а терең талдоого алган. Ибраимов III даражадагы Манас ордени м-н сыйланган (2003).
Эмг.: Современная жизнь литературной классики. Ф., 1982; Көз караш. Ф., 1984; История кыргызской советской литературы (авторлош). Ф., 1984; История и поэзия. Б., 2000.
Ж. Медералиева.