ИЕРОГЛИФ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЕРО́ГЛИФ</b> (гр. hierjs – ыйык | <b type='title'>ИЕРО́ГЛИФ</b> (гр. hierjs – ыйык жана glyphe – оюлган нерсе, белги) – 1) кандайдыр бир нерсе­нин сүрөтү (мисалы: адам, айбанат, жаратылыш жана башка) түрүндөгү <i>графема.</i> Сөз муун жазууларын­да (мисалы: египет жазуусу, кытай жазуусу) көп кезигет; б. з. ч. 4-кылымда колдонулган египет жа­зуусунун образдуу сүрөт белгилери. Анын 5 миң­ге жакын түрү белгилүү. Бирок ар бир доордо андай иероглифтин 800дөйү гана колдонулган. Египет иероглифтеринин төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) египет ти­линин үнсүз тыбыштарын туюндуруучу бир айкалыш белгилер (30дай); 2) морфемалардын фонетикалык туюнтмасы катары алынган эки-үч ай­калыш белгилер; 3) бүтүндөй бир сөздү туюнду­руучу белгилер – идеограммалар; 4) сөз маани­лерин тактоочу, көмөкчү идеографиялык. белгилер – де­терминативдер. Иероглиф башка алфавиттик эмес жа­зуулардын белгилери жазмаларда да колдонулат (к. <i>Кытай жазуусу, Япон жазуусу</i>). Иероглиф деп адатта байыркы жана азыркы кытай жазуусу­нун, сүрөт түрүндөгү хетт жазуусунун бири сыяк­туу белгилери аталат. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:32, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЕРО́ГЛИФ (гр. hierjs – ыйык жана glyphe – оюлган нерсе, белги) – 1) кандайдыр бир нерсенин сүрөтү (мисалы: адам, айбанат, жаратылыш жана башка) түрүндөгү графема. Сөз муун жазууларында (мисалы: египет жазуусу, кытай жазуусу) көп кезигет; б. з. ч. 4-кылымда колдонулган египет жазуусунун образдуу сүрөт белгилери. Анын 5 миңге жакын түрү белгилүү. Бирок ар бир доордо андай иероглифтин 800дөйү гана колдонулган. Египет иероглифтеринин төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) египет тилинин үнсүз тыбыштарын туюндуруучу бир айкалыш белгилер (30дай); 2) морфемалардын фонетикалык туюнтмасы катары алынган эки-үч айкалыш белгилер; 3) бүтүндөй бир сөздү туюндуруучу белгилер – идеограммалар; 4) сөз маанилерин тактоочу, көмөкчү идеографиялык. белгилер – детерминативдер. Иероглиф башка алфавиттик эмес жазуулардын белгилери жазмаларда да колдонулат (к. Кытай жазуусу, Япон жазуусу). Иероглиф деп адатта байыркы жана азыркы кытай жазуусунун, сүрөт түрүндөгү хетт жазуусунун бири сыяктуу белгилери аталат.