ИЗДӨӨ СИСТЕМАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИЗДӨӨ СИСТЕМАЛАРЫ к о м п ь ю т е р д е – колдонуучунун талабына ылайык интернет сайт­тарына шилтеме сунуш кылуучу система. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) издөөчү машина (Spider, Crawler, Robot) – Web-сайттарга кирип, ал камтыган маалыматтарды окуган ж-а ин­декстеген, о. эле шилтеме б-ча жылган програм­ма; 2) издөө системаларынын индекстерин


издөөчү машина индекстеген барактардын текст­тик көчүрмөлөрү сакталган маалымат сактагы­чы; 3) колдонуучунун талабына ылайык маа­лымат издеген ж-а табылган документти ага берген И. с-нын индекстерин которуштурган программа.