ИЗМИР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЗМИ́Р (Izmir, байыркы гр. – Смирна) – Түркиядагы шаар ж-а ири порт. Эгей деңизиндеги Измир булуңунун жээгинде жайгашкан. Измир илинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 2,6 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Тамакаш – татымал, текстиль, машина куруу ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т бар. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта негизделген. Б. з. ч. 7-к-дагы ибадаткананын калдыктары, Тантал күмбөзү (б. з. ч. 6-к.) чептин (эллинизм мезгили) дубалы ж-а дарбазасы, агора мечити (2-к.) сакталган.