ИЙГЕ КЕЛҮҮЧҮЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИЙГЕ КЕЛҮҮЧҮЛҮК – металл ж-а эритмелер­дин басым астында (прокаттоо, чоюу, пресстөө, штамптоо) ийге келүү жөндөмдүүлүгү. Көпчүлүк таза металлдар – латунь, дуралюмин, жез, алю­миний, магний, никель ж. б. жакшы ийге ке­лет. И. к. эки көрсөткүч м-н мүнөздөлөт – плас­тикалуулук (металлдын ийкемдүүлүгү) ж-а де­формацияга болгон каршылыгы. Ийге келүүчү металлдардын ийкемдүүлүгү жогору, ал эми де­формацияга каршылыгы төмөн болот.