ИЙРИ МУУНАКТУУ МЕХАНИЗМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЙРИ МУУНАКТУУ МЕХАНИ́ЗМ , к р и в ош и п т ү ү м е х а н и з м – бир түрдөгү кыймылды башка түрдөгү кыймылга айландыруу-
чу механизм. Ал бир калыпта айланма кыймылды алга умтулма кыймылга же тескерисинче бир калыпта эмес айланма, термелме кыймылга айландыруу ж. б.). Мында ийри муунак же муунактуу вал түрүндөгү айлануучу бөлүгү кыймылсыз же айлануучу кинематикалык түгөйдүн (шарнирдин) башка бөлүгү м-н биригет. И. м. м. жалпак, б. а. бардык бөлүктөрүнүн кыймылы жарыш тегиздиктеги ж-а мейкиндиктеги, төрт ж-а көп бөлүктүү болуп бөлүнөт. Жалпак ж-а төрт бөлүктүү түрү көп тараган, алар үч топко бөлүнөт: шарнирдүү төрт звенолуу, ийри муунактуу – жылгычтуу ж-а ийри муунактуу – кулисалык (сүрөт). И. м. м. поршендүү кыймылдаткычта, насос, компрессордо, прессте, металл кескич, жонгуч станокто, камыр жууругуч, кар жүктөгүч ж. б. машиналарда пайдаланылат.