ИЙРИ СЫЗЫКТУУ КООРДИНАТАЛАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЙРИ СЫЗЫКТУУ КООРДИНАТАЛАР , Г а у с с к о о р д и н а т а л а р ы – мейкиндиктеги (же тегиздиктеги) координата сызыктары (u, v) ийри сызыктары болгон координаталар. И. с. к-ды биринчи жолу голл. математик Я. Бернулли (1691) пайдаланган, бир жылдан кийин немис окумуштуусу Г. Лейбниц координата деп атаган. Мейкиндиктеги И. с. к-ды ж-а алардын аталышын фр. математик Г. Ламе (1833) киргизген. И. с. к. системасы – тик бурчтуу координаталар системасынын жалпы түрү. Бетке И. с. к-ды киргизүү дифференциал геометриясынын методдорунун жардамы м-н беттин геом. касиеттерин изилдөөгө мүмкүндүк түзөт, интегралдарды эсептөөнү жеңилдетет. Эгерде координата сызыктары D облусунун ар бир чекитинде өз ара перпендикулярдуу болсо, анда И. с. к. ортогоналдуу деп аталат. Ортогоналдуулуктун зарыл ж-а жеткиликтүү шарты: (ek, e ) = 0, мында k ≠ m. Мейкиндикте бисфералы , бицилиндрдик ж-а тордук координаталар, конустук, параболалык, сфералык, цилиндрлик, эллипстик координаталар ортогоналдуу И. с. к. болот, к. Координаталар.