«ИЛИАДА»: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«ИЛИА́ДА»</b> (Илион, | <b type='title'>«ИЛИА́ДА»</b> (Илион, башкача айтканда Троя жөнүндө поэма) – байыркы гректердин эпикалык поэмасы, дүй­нөлүк мааниге ээ чыгарма. Гомер жазган деп болжолдонот. Троя согушу (б. з. ч. 13-кылым) жөнүндөгү уламыштардын негизинде б. з. ч. 9–8- кылымдарда Ионияда пайда болгон деп эсептелет. Гекзаметр м-н жазылган (15 700дөй сап ыр). «Илиаданын» башкы каарманы – Ахилл. Башкы көсөм Агамемнон ыза кылган «Ахиллдин каа­ры» – поэманын сюжеттик өзөгүн түзгөн негиз­ги мотив. Поэмада Микен көсөмү Агамемнон башкарган көп уруудан чогулган ахейлик ко­шуундун Трояны курчоого алганы сүрөттөлөт. «Илиадада» байыркы гректердин (уруулук түзүлүш­төгү) коомдук турмушу, материалдык ж-а ру­хий маданияты ар тараптан чагылдырылган. Ал көркөм ж-а тарыхый мааниси жагынан гана эмес, байыркы замандагы билимдердин жы­йындысы, философия м-н поэзиянын булагы катары да жогору бааланат. Эпостогу тарыхый, географиялык фактылардын аныктыгы 18-кылымдын аягын­да Г. Шлиман жүргүзгөн археологиялык казууларда ырасталган. «Илиада» 18-кылымдын аягынан тартып орус тилине бир нече ирет которулган. Түп нускада­гы ыр өлчөмү сакталган алгачкы орусча клас­сикалык котормосу Н. И. Гнедичке таандык (1829). | ||
байыркы гректердин эпикалык поэмасы, дүй­нөлүк мааниге ээ чыгарма. Гомер жазган деп болжолдонот. Троя согушу (б. з. ч. 13- | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:09, 5 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
«ИЛИА́ДА» (Илион, башкача айтканда Троя жөнүндө поэма) – байыркы гректердин эпикалык поэмасы, дүйнөлүк мааниге ээ чыгарма. Гомер жазган деп болжолдонот. Троя согушу (б. з. ч. 13-кылым) жөнүндөгү уламыштардын негизинде б. з. ч. 9–8- кылымдарда Ионияда пайда болгон деп эсептелет. Гекзаметр м-н жазылган (15 700дөй сап ыр). «Илиаданын» башкы каарманы – Ахилл. Башкы көсөм Агамемнон ыза кылган «Ахиллдин каары» – поэманын сюжеттик өзөгүн түзгөн негизги мотив. Поэмада Микен көсөмү Агамемнон башкарган көп уруудан чогулган ахейлик кошуундун Трояны курчоого алганы сүрөттөлөт. «Илиадада» байыркы гректердин (уруулук түзүлүштөгү) коомдук турмушу, материалдык ж-а рухий маданияты ар тараптан чагылдырылган. Ал көркөм ж-а тарыхый мааниси жагынан гана эмес, байыркы замандагы билимдердин жыйындысы, философия м-н поэзиянын булагы катары да жогору бааланат. Эпостогу тарыхый, географиялык фактылардын аныктыгы 18-кылымдын аягында Г. Шлиман жүргүзгөн археологиялык казууларда ырасталган. «Илиада» 18-кылымдын аягынан тартып орус тилине бир нече ирет которулган. Түп нускадагы ыр өлчөмү сакталган алгачкы орусча классикалык котормосу Н. И. Гнедичке таандык (1829).