ИЛЬМЕНЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
И́ЛЬМЕНЬ (жыл баянда – Ильмер, байыркы славяндарча – Словен деңизи) – Новгород обл-ндагы көл, Ильмень ойдуңунда жайгашкан. Орт. аянты 982 км2 (суусунун деңгээлине жараша 733 км2ден 2090 км2ге чейин өзгөрүп турат). Уз. 45 кмдей, туурасы 35 кмге, тереңдиги 10 мге чейин. Жээги саздуу. 50дөй дарыя (Мста, Пола, Ловать, Шелонь ж. б.) куят. Волхов д. агып
чыгат. Деңгээли 2,3 мден (мартта) 5,8 мге чейин (майда) өзгөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде муздан арылат. Балык кармалат. Мста д., Илмень каналы ж-а Волхов д. аркылуу Вышний Волочёк системасы м-н туташат. И-ден 6 км аралыкта Волхов д-нын жээгинде Новгород ш. жайгашкан. 9–12-к-да И. аркылуу «варягдардан гректерге» соода суу жолу өткөн.