ИМАНАЛИЕВ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИМАНАЛИЕВ Жусуп (12. 3. 1900, Нарын уезди, Эчки-Башы айылы – 27. 10. 1974, ошол эле жер) – алгачкы агартуучу, педагог, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1948). Фрунзе ш-ндагы пед. ин-тун алдындагы үч жылдык мугалимдер курсун бүтүргөн (1929). Тогуз-Тородогу Ийри-Суу мектебинин директору, 1932–35-ж. парткомдун секретары, 1940–58-ж. Коммунизм жети жылдык мектебинде эмгектенген. Ал Миң- Булак, Оттук, Эчки-Башы, Кызыл-Жылдыз айылдарында башталгыч мектептерди ачкан. 1937-ж. «эл душманы» деген жалган жалаа м-н репрессияланган. 1939-ж. акталып, Архангелскиде камактан бошотулган. Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендери, «Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн» ж. б. медалдар м-н сыйланган. Ысмы Эчки-Башы айылындагы мектепке ыйгарылган (1990).