ИМИДЖ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

И́МИДЖ , с а я с и й и м и д ж – субъекттин өзү ж-а ал ж-дөгү массалык маалымат каражат­тарында калыптанган сүрөттөмөлөрдөн улам пайда болгон образ, саясий мүнөздөмө. Саясий И. – лидердин саясий аң-сезиминин ж-а жүрүм­турумунун өзгөчөлүктөрү, ал ж-дөгү элдердин ой­мүдөөсү, элестетүүсү. Ыңгайлуу же ыңгайсыз абалдын, шарттын таасири м-н саясатчынын ар­тыкчылыктары ж-а кемчиликтери ж-дө коом-


дук аң-сезимде белгилүү бир образ пайда болуп ж-а калыптанып, аны коомчулуктун пикирине ылайык иш жүргүзүүгө мажбурлайт. Тигил же бул саясатчынын И-ин аныктоодо маалымат ка­ражаттарынын ролу чоң. Элдин көпчүлүк бөлүгү өзүнүн саясий симпатиясын билдирүүдө көбүн эсе колдо болгон маалыматтарга таянууга маж­бур болушат. Ошондон улам өнүккөн өлкөлөрдө саясатчылардын И-ин аныктоодо одоно ката­ларды кетирбөө үчүн саясий маркетинг теория­ларын ж-а методдорун колдонушат. Лидердин жекече иш стили, идеол. көз карашы ж-а про­граммасы бирине-бири төп келсе, анда бул сая­сий И. пландоонун ачкычы болуп эсептелет. Эгерде И. саясий рыноктун талаптарына дал келсе, анда саясатчыга ийгилик алып келет. Ушул максатта саясатчынын артыкчылыгын баса белгилөөчү ж-а анын начар жактарын жаап-жашырып туруучу маалымат үчүн атайын программалар иштелип чыгат. Маркетинг буга өбөлгө түзөт: конкреттүү кырдаалда саясатчы өзүнүн жеке сапаттарына жараша, электорат­тын талаптарына ылайык, атаандаштарынын абалына карата кандай көз караштарда туруу керектиги аныкталат. Демокр. ин-ттардын өнүгүшү, шайлоо алдындагы мезгилде саясий атаандаштардын көбөйүшү саясатчынын И-не карата болгон талаптардын курчушуна алып келет. Шайлоодогу ийгилик, саясий карьера көбүн эсе саясий И-дин өзүнө тартуучулук кү­чүнө, аныктыгына, иш-аракеттеринин иреттүү­лүгүнө жараша болот. Ошондо гана электорат аны башка атаандаштардан айрып-таануу, ага саясий симпатия көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.