ГРЕНЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГРЕНЛА&#769;НДИЯ ''' (скандинавиялыктардын тилинде Cronland – жашыл өлкө) – Жер шарындагы эӊ чоӊ арал, Түн. Муз ж-а Атлантика океандарынын аралыгында, Түн. Американын түш.-чыгыш жээгинде. Даниянын аймагы (1953-жылдан); 1979-жылдан өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ. Аянты 2176 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 56,0 миӊдей (2019); анын 90%и эскимостор. Адм. борбору – Готхоб (Нук; калкы 10 миӊ). Адм.-айм. жактан 3 инспекторатка бөлүнөт. Г-нын дээрлик бүт аймагы ''Канада калканынын'' түн.-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан; чыгыш ж-а түн. чет-жакаларын гана каледон бүктөлүшү камтыйт. Каледон бүктөлүү зонасы калкандан тереӊ тектон. жарака аркылуу бөлүнөт. Платформанын калканы архейде ж-а алгачкы протерозойдо пайда болгон гнейс, кварцит, мрамор, гранит тектеринен туруп, үстүн ортонку протерозойдун жанар тоо-чөкмө тектери жаап калган. Каледон геосинклиналдары протерозойдун аягындагы терригендин ж-а карбонаттуу ж-а кембрий, ордовиктин карбонаттуу тектеринен турат. Силурда бүктөлүүгө дуушарланып, девондо ойдуӊдарга континенттик тектер толгон. Палеозойдун аягынан платформалык режимде;
'''ГРЕНЛА&#769;НДИЯ ''' (скандинавиялыктардын тилинде Cronland – жашыл өлкө) – Жер шарындагы эӊ чоӊ арал, Түндүк Муз ж-а Атлантика океандарынын аралыгында, Түндүк Американын түштүк-чыгыш жээгинде. Даниянын аймагы (1953-жылдан); 1979-жылдан өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ. Аянты 2176 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 56,0 миӊдей (2019); анын 90%и эскимостор. Административдик борбору – Готхоб (Нук; калкы 10 миӊ). Административдик-аймактык жактан 3 инспекторатка бөлүнөт. Гренландиянын дээрлик бүт аймагы ''Канада калканынын'' түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан; чыгыш ж-а түндүк чет-жакаларын гана каледон бүктөлүшү камтыйт. Каледон бүктөлүү зонасы калкандан тереӊ тектоникалык жарака аркылуу бөлүнөт. Платформанын калканы архейде ж-а алгачкы протерозойдо пайда болгон гнейс, кварцит, мрамор, гранит тектеринен туруп, үстүн ортонку протерозойдун жанар тоо-чөкмө тектери жаап калган. Каледон геосинклиналдары протерозойдун аягындагы терригендин ж-а карбонаттуу ж-а кембрий, ордовиктин карбонаттуу тектеринен турат. Силурда бүктөлүүгө дуушарланып, девондо ойдуӊдарга континенттик тектер толгон. Палеозойдун аягынан платформалык режимде;
 
[[File:ГРЕНЛАНДИЯ23.png | thumb | none]]
[[File:ГРЕНЛАНДИЯ23.png | thumb | none]]
мезозойдо кумдук-чополуу тоо тектер тараган. Кайнозойдо Г. көтөрүлүп, тилмеленген, жаракалардан базальт лавалары агып чыккан. Кен байлыктары (түштүгүндө криолит, батышында графит, мрамор) архей-алгачкы протерозой тектеринде пайда болгон. Күрөӊ көмүр мезозой тектерине байланыштуу. Чыгыштагы каледон структурасында коргошун-цинк ж-а уран кенташтары топтолгон. Антропогенде ''муз каптоо'' башталган; азыр аралдын аймагынын 80%ин муз каптап жатат; муздун орт. калыӊдыгы 2300 ''м,'' эӊ калыӊ жери 3400 ''м''; көлөмү 2,6 млн ''км''<sup>3</sup>дай. Кууш өрөөндөр аркылуу океанга ири мөӊгүлөр жылып түшүп,
мезозойдо кумдук-чополуу тоо тектер тараган. Кайнозойдо Гренландия көтөрүлүп, тилмеленген, жаракалардан базальт лавалары агып чыккан. Кен байлыктары (түштүгүндө криолит, батышында графит, мрамор) архей-алгачкы протерозой тектеринде пайда болгон. Күрөӊ көмүр мезозой тектерине байланыштуу. Чыгыштагы каледон структурасында коргошун-цинк ж-а уран кенташтары топтолгон. Антропогенде ''муз каптоо'' башталган; азыр аралдын аймагынын 80%ин муз каптап жатат; муздун орточо калыӊдыгы 2300 ''м,'' эӊ калыӊ жери 3400 ''м''; көлөмү 2,6 млн ''км''<sup>3</sup>дай. Кууш өрөөндөр аркылуу океанга ири мөӊгүлөр жылып түшүп,
 
[[File:ГРЕНЛАНДИЯ24.png | thumb | Аралдын батыш жээгиндеги фьорд.]]
[[File:ГРЕНЛАНДИЯ24.png | thumb | Аралдын батыш жээгиндеги фьорд.]]


айсбергдерди пайда кылат. Муз каптабаган жерлери (туурасы 250 ''км''ге чейин) деӊиз бойлой (айрыкча түш.-батыш ж-а түн. жээктеринде) бөксө тоо (бийикт. 400–600 ''м''ге чейин) ж-а тоо массивдери (бийикт. 2000 ''м''ге чейин) түрүндө созулуп жатат. Чыгыш жээгинде аралдын эӊ бийик жери – Гунбьёрн чокусу (3700 ''м'') жайгашкан. Жээктеринде булуӊ-буйтка (фьорддор) өтө көп. Климаты субарктикалык ж-а арктикалык, деӊиз боюнда – деӊиздик, мөӊгү калканынын борб. бөлүгүндө – континенттик. Январдын орт. темп-расы деӊиз боюнда –7°Сден (түштүгүндө) –36°Сге (түндүгүндө) чейин, июл-  
айсбергдерди пайда кылат. Муз каптабаган жерлери (туурасы 250 ''км''ге чейин) деӊиз бойлой (айрыкча түштүк-батыш ж-а түндүк жээктеринде) бөксө тоо (бийиктиги 400–600 ''м''ге чейин) ж-а тоо массивдери (бийиктиги 2000 ''м''ге чейин) түрүндө созулуп жатат. Чыгыш жээгинде аралдын эӊ бийик жери – Гунбьёрн чокусу (3700 ''м'') жайгашкан. Жээктеринде булуӊ-буйтка (фьорддор) өтө көп. Климаты субарктикалык ж-а арктикалык, деӊиз боюнда – деӊиздик, мөӊгү калканынын борбордук бөлүгүндө – континенттик. Январдын орточо температурасы деӊиз боюнда –7°Сден (түштүгүндө) –36°Сге (түндүгүндө) чейин, июл-  
 
[[File:ГРЕНЛАНДИЯ25.png | thumb | Балыкчылар кыштагы.]]
[[File:ГРЕНЛАНДИЯ25.png | thumb | Балыкчылар кыштагы.]]


[[File:ГРЕНЛАНДИЯ26.png | thumb | Готхоб шаарындагы порт.]]
[[File:ГРЕНЛАНДИЯ26.png | thumb | Готхоб шаарындагы порт.]]


дуку 10°Сден (түштүгүндө) 3°Сге (түн.-батышында) чейин. Борборунда январдын орт. темп-расы –46°С (абс. минимуму –70°С), июлдуку –12°С. Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 800–1100 ''мм'', түндүгүндө 150–250 ''мм'', муздуу аймакта 300–400 ''мм''. Жээктерине тундра өсүмдүгү, четки түштүгүндө ийне жалбырактуу токой, түндүгүнө арктикалык чөл ландшафттары мүнөздүү. Г-да түн. бугусу, кой бука (овцебык), ак аюу, ак түлкү, уюл карышкыры ж. б. (сүт эмүүчүлөрдүн 30дай түрү) мекендейт, куш көп. Балык кармалат ж-а балык продуктуларын чыгаруу ишканалары иштейт; кой ж-а бугу асыралат. Түн.-чыгышында Гренландия улуттук паркы бар. Криолит казып алынат. Негизги калктуу пункттары түш.-батыш жээгинде жайгашкан; алар: Готхоб, Юлианехоб, Хольстейнсборг, Суккертоппен. Г-ны 875-ж. ченде исландиялык моряк Гунбьёрн ачкан. 1953-ж. Даниянын алыскы деӊиздик губерниясы (амт) статусун алган; 1979-ж. Г. «Дания королдугунун курамындагы өзүн-өзү башкаруучу аймак» деп жарыяланды.
дуку 10°Сден (түштүгүндө) 3°Сге (түндүк-батышында) чейин. Борборунда январдын орточо температурасы –46°С (абсолюттук минимуму –70°С), июлдуку –12°С. Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 800–1100 ''мм'', түндүгүндө 150–250 ''мм'', муздуу аймакта 300–400 ''мм''. Жээктерине тундра өсүмдүгү, четки түштүгүндө ийне жалбырактуу токой, түндүгүнө арктикалык чөл ландшафттары мүнөздүү. Гренландияда түндүк бугусу, кой бука (овцебык), ак аюу, ак түлкү, уюл карышкыры ж. б. (сүт эмүүчүлөрдүн 30дай түрү) мекендейт, куш көп. Балык кармалат ж-а балык продуктуларын чыгаруу ишканалары иштейт; кой ж-а бугу асыралат. Түндүк-чыгышында Гренландия улуттук паркы бар. Криолит казып алынат. Негизги калктуу пункттары түштүк-батыш жээгинде жайгашкан; алар: Готхоб, Юлианехоб, Хольстейнсборг, Суккертоппен. Гренландияны 875-жылдар ченде исландиялык моряк Гунбьёрн ачкан. 1953-жылы Даниянын алыскы деӊиздик губерниясы (амт) статусун алган; 1979-жылы Гренландия «Дания королдугунун курамындагы өзүн-өзү башкаруучу аймак» деп жарыяланды.  


Ад.: Гренландия. Сб. ст./Пер. с дат. М., 1953; ''Игнатьев Г. М''. Гренландия. М., 1956; Физическая география материков и океанов. М., 1988; ''Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н.'' Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ад.: Гренландия. Сб. ст./Пер. с дат. М., 1953; ''Игнатьев Г. М''. Гренландия. М., 1956; Физическая география материков и океанов. М., 1988; ''Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н.'' Физическая география материков и океанов. М., 2004.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:31, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГРЕНЛА́НДИЯ (скандинавиялыктардын тилинде Cronland – жашыл өлкө) – Жер шарындагы эӊ чоӊ арал, Түндүк Муз ж-а Атлантика океандарынын аралыгында, Түндүк Американын түштүк-чыгыш жээгинде. Даниянын аймагы (1953-жылдан); 1979-жылдан өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ. Аянты 2176 миӊ км2. Калкы 56,0 миӊдей (2019); анын 90%и эскимостор. Административдик борбору – Готхоб (Нук; калкы 10 миӊ). Административдик-аймактык жактан 3 инспекторатка бөлүнөт. Гренландиянын дээрлик бүт аймагы Канада калканынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан; чыгыш ж-а түндүк чет-жакаларын гана каледон бүктөлүшү камтыйт. Каледон бүктөлүү зонасы калкандан тереӊ тектоникалык жарака аркылуу бөлүнөт. Платформанын калканы архейде ж-а алгачкы протерозойдо пайда болгон гнейс, кварцит, мрамор, гранит тектеринен туруп, үстүн ортонку протерозойдун жанар тоо-чөкмө тектери жаап калган. Каледон геосинклиналдары протерозойдун аягындагы терригендин ж-а карбонаттуу ж-а кембрий, ордовиктин карбонаттуу тектеринен турат. Силурда бүктөлүүгө дуушарланып, девондо ойдуӊдарга континенттик тектер толгон. Палеозойдун аягынан платформалык режимде;

мезозойдо кумдук-чополуу тоо тектер тараган. Кайнозойдо Гренландия көтөрүлүп, тилмеленген, жаракалардан базальт лавалары агып чыккан. Кен байлыктары (түштүгүндө криолит, батышында графит, мрамор) архей-алгачкы протерозой тектеринде пайда болгон. Күрөӊ көмүр мезозой тектерине байланыштуу. Чыгыштагы каледон структурасында коргошун-цинк ж-а уран кенташтары топтолгон. Антропогенде муз каптоо башталган; азыр аралдын аймагынын 80%ин муз каптап жатат; муздун орточо калыӊдыгы 2300 м, эӊ калыӊ жери 3400 м; көлөмү 2,6 млн км3дай. Кууш өрөөндөр аркылуу океанга ири мөӊгүлөр жылып түшүп,

Аралдын батыш жээгиндеги фьорд.

айсбергдерди пайда кылат. Муз каптабаган жерлери (туурасы 250 кмге чейин) деӊиз бойлой (айрыкча түштүк-батыш ж-а түндүк жээктеринде) бөксө тоо (бийиктиги 400–600 мге чейин) ж-а тоо массивдери (бийиктиги 2000 мге чейин) түрүндө созулуп жатат. Чыгыш жээгинде аралдын эӊ бийик жери – Гунбьёрн чокусу (3700 м) жайгашкан. Жээктеринде булуӊ-буйтка (фьорддор) өтө көп. Климаты субарктикалык ж-а арктикалык, деӊиз боюнда – деӊиздик, мөӊгү калканынын борбордук бөлүгүндө – континенттик. Январдын орточо температурасы деӊиз боюнда –7°Сден (түштүгүндө) –36°Сге (түндүгүндө) чейин, июл-

Балыкчылар кыштагы.
Готхоб шаарындагы порт.

дуку 10°Сден (түштүгүндө) 3°Сге (түндүк-батышында) чейин. Борборунда январдын орточо температурасы –46°С (абсолюттук минимуму –70°С), июлдуку –12°С. Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 800–1100 мм, түндүгүндө 150–250 мм, муздуу аймакта 300–400 мм. Жээктерине тундра өсүмдүгү, четки түштүгүндө ийне жалбырактуу токой, түндүгүнө арктикалык чөл ландшафттары мүнөздүү. Гренландияда түндүк бугусу, кой бука (овцебык), ак аюу, ак түлкү, уюл карышкыры ж. б. (сүт эмүүчүлөрдүн 30дай түрү) мекендейт, куш көп. Балык кармалат ж-а балык продуктуларын чыгаруу ишканалары иштейт; кой ж-а бугу асыралат. Түндүк-чыгышында Гренландия улуттук паркы бар. Криолит казып алынат. Негизги калктуу пункттары түштүк-батыш жээгинде жайгашкан; алар: Готхоб, Юлианехоб, Хольстейнсборг, Суккертоппен. Гренландияны 875-жылдар ченде исландиялык моряк Гунбьёрн ачкан. 1953-жылы Даниянын алыскы деӊиздик губерниясы (амт) статусун алган; 1979-жылы Гренландия «Дания королдугунун курамындагы өзүн-өзү башкаруучу аймак» деп жарыяланды.

Ад.: Гренландия. Сб. ст./Пер. с дат. М., 1953; Игнатьев Г. М. Гренландия. М., 1956; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.