ИМПЕРИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИМПЕ́РИЯ (лат. imperium – бийлик, мамлекет) – 1) башында император турган кээ бир монархиялык мамлекеттердин аталышы. Көбүнчө курамына башка элдердин жерин зордоп кошуп алган аймагы кеңири мамлекет. Рим мамлекети да б. з. ч. 1-к-дын аягынан И. атала баштаган. Кийинчерээк Византия, Франк мамлекети да И. деп аталат. Падышалык Россия Пётр Iден (1721) монархия кулаганга чейин (1917) И. болгон. Наполеон IIIнүн тушунда Франция, 1871-жылдан 1918-жылдагы рев-яга чейин Германия И. аталган; 2) бөтөн элди басып алган аймагы зор ири мамлекет. И-ны метрополия ж-а карамагындагы жерлер түзөт (мис., Улуу Британия карамагындагы бардык жерлери м-н Британ И-сы деп аталган).