ИНАЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИНА́Л , э н а л – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар б-ча уруунун аталышы. Тувада 9–10-к-га тиешелүү кыргыздар калтырган рун эстеликтеринде «ынал» деген сөз кездешет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад-Дин кыргыздар ж-дө маалымат бергенде, алардын падышасы «инал» деп аталарын белгилейт. Ушундай эле маалымат Абу-л-Гази Бахадур хандын эмгегинде да айтылат. Махмуд Кашгари И-га төмөнкүдөй аныктама берет: 1) энеси хан тегинен, атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 2) энчилүү ат, титул.