ВАРВАРЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАРВАРЛАР ''' (гр. вarbaroi – гректер эмес, жаттар деген тууранды сөздөн) – байыркы гректер, кийин римдиктер өздөрү түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн уруулар менен элдерге берген аталыш. Б. з. 1-кылымынан Варварлар аталышы «тили буруу» жана маданияты чоочун германдар менен кельттерге карата көбүрөөк айтыла баштаган. Жаӊы мезгилден тарта «Варварлар» термини илимде Рим империясынан тышкары жашаган (варварлар дүйнөсү) жана анын ээликтерине кол салып (варвардык кол салуулар), анын аймагында алгачкы королдуктарын негиздешкен элдердин баарына карата колдонулган; «варвар акыйкаттары» катары белгилүү болгон бул элдердин адат укугу боюнча жазмалары. Өтмө мааниде Варварлар деп наадан, маданиятсыз, маданий дөөлөттөрдү кыйратуучу кишилер же элдер аталат. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:06, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВАРВАРЛАР (гр. вarbaroi – гректер эмес, жаттар деген тууранды сөздөн) – байыркы гректер, кийин римдиктер өздөрү түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн уруулар менен элдерге берген аталыш. Б. з. 1-кылымынан Варварлар аталышы «тили буруу» жана маданияты чоочун германдар менен кельттерге карата көбүрөөк айтыла баштаган. Жаӊы мезгилден тарта «Варварлар» термини илимде Рим империясынан тышкары жашаган (варварлар дүйнөсү) жана анын ээликтерине кол салып (варвардык кол салуулар), анын аймагында алгачкы королдуктарын негиздешкен элдердин баарына карата колдонулган; «варвар акыйкаттары» катары белгилүү болгон бул элдердин адат укугу боюнча жазмалары. Өтмө мааниде Варварлар деп наадан, маданиятсыз, маданий дөөлөттөрдү кыйратуучу кишилер же элдер аталат.