ИНДИАНАПОЛИС: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИНДИАНА́ПОЛИС – АКШнын чыгышындагы шаар. Индиана штатынын адм. борбору. Штаттын борб. бөлүгүндө, Уайт-Ривер д-нын (Огайо д-нын алабы) боюнда жайгашкан. Калкы 770,6 миң (2007; шаар айланасы м-н 1,7 млн). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1821-ж. негизделген 1847-жылдан шаар статусуна ээ. Машина куруу (авиация, автомобиль кыймылдаткычы, подшипник, станок, байланыш каражаты, контролдоп ченөөчү аспаптар, ар кандай ө. ж. жабдуулары), түстүү металлургия, хим.-фармацевтика, тамак-аш ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-ттер, ИИИлер, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Жыл сайын жаз музыка (1999), эл аралык кинофильм ж-а кинематография фестивалдары өткөрүлөт. Зоопарк уюштурулган.