ЖЕР КОҢУЗДАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕР КОҢУЗДАР</b> | <b type='title'>ЖЕР КОҢУЗДАР,</b> с е к и р г и ч к о ң у з д а р (Chrysomelidae) – жалбыракчылар тукумунда­гы коңуз. Демейде ачык түстө. Дене узундугу 2 <i>см</i>. Арткы буттары узун ж-а жоон, секирүүгө ыла­йыктуу. Дүйнөдө 40 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 1400дөй түрү белгилүү. Көбүнчө топуракта ж-а чөп-чардын астында кыштап, жазында күн жы­лыганда чыгат. Булар өсүмдүк жалбырагын оюп, сабагын кемирет. Негизинен топуракка ж-а өсүмдүктөргө сиркелейт. <i>Личинкасы</i> өсүмдүктүн тамырын жейт. Алардын 129 түрү кайчылаш гүлдүү өсүмдүктө (капуста, шалгам, түрп ж. б.), кызылча, зыгыр, дан эгиндери, картөшкө (ко­лорадо коңузу) ж-а помидорго зыян келтирет. Сактануу чаралары: жер коңузу азыктануучу отоо чөптөрдү жок кылуу (кээде отоо чөпкө каршы колдонулат); үрөндү эрте себүү, үрөнгө <i>инсек­тицид чачуу</i> ж. б. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
04:05, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР КОҢУЗДАР, с е к и р г и ч к о ң у з д а р (Chrysomelidae) – жалбыракчылар тукумундагы коңуз. Демейде ачык түстө. Дене узундугу 2 см. Арткы буттары узун ж-а жоон, секирүүгө ылайыктуу. Дүйнөдө 40 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 1400дөй түрү белгилүү. Көбүнчө топуракта ж-а чөп-чардын астында кыштап, жазында күн жылыганда чыгат. Булар өсүмдүк жалбырагын оюп, сабагын кемирет. Негизинен топуракка ж-а өсүмдүктөргө сиркелейт. Личинкасы өсүмдүктүн тамырын жейт. Алардын 129 түрү кайчылаш гүлдүү өсүмдүктө (капуста, шалгам, түрп ж. б.), кызылча, зыгыр, дан эгиндери, картөшкө (колорадо коңузу) ж-а помидорго зыян келтирет. Сактануу чаралары: жер коңузу азыктануучу отоо чөптөрдү жок кылуу (кээде отоо чөпкө каршы колдонулат); үрөндү эрте себүү, үрөнгө инсектицид чачуу ж. б.