ЖАНЫШТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАНЫШТАР , </b>ч а м у с т а р, б у й в о л д о р (Bubalus) – көңдөй мүйүздүү сүт эмүүчүлөрдүн жакын уруулары. Көбүнчө 2 урууну (азия ж-а африка жаныштары) бириктирет. Дене узундугу 100–290 <i>см</i>, куйругу 15–90 <i>см</i>, бийиктиги 62–180 <i>см</i>, салмагы 150–1200 <i>кг</i>. Башы чоң, моюну кыска, бутта-

05:47, 1 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖАНЫШТАР , ч а м у с т а р, б у й в о л д о р (Bubalus) – көңдөй мүйүздүү сүт эмүүчүлөрдүн жакын уруулары. Көбүнчө 2 урууну (азия ж-а африка жаныштары) бириктирет. Дене узундугу 100–290 см, куйругу 15–90 см, бийиктиги 62–180 см, салмагы 150–1200 кг. Башы чоң, моюну кыска, бутта-

Африка жанышы.

ры жоон ири жаныбар. Эркеги ургаачысынан чоң, мүйүзү да узунураак, жүнү кара күрөң же каралжын. Азия жаныштары Түштүк ж-а Түштүк- Чыгыш Азияда жашайт. Көбүнчө калың токойлорду, саздуу жерлерди байырлайт, сууда жакшы сүзөт. Африка жанышы Сахарадан түштүктү карай түрдүү ландшафтты (кургак саваннадан тропик токой­лоруна чейин) мекендейт. Негизинен өсүмдүк жалбырагы, бутагы, мөмөлөрү, чөп, суу өсүм­дүктөрү м-н азыктанат. Жупташып же чоң топ түзүп (кээде 2000ге чейин) жүрүшөт. 25–30 жыл жашашат. Колго үйрөтүлгөн породалары бүт дүйнөгө таралган. Жаныштар оор жүк ташуу ж-а сүт алуу үчүн пайдаланылат. Азия жанышынын жапайы популяциясы азайып кеткен. Жаныштардын бардык тү­рү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.