ИРТЫШ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИРТЫ́Ш , Э р т и ш – Казакстан м-н Россиянын аймактары аркылуу аккан дарыя, Обь д-нын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Атлай тоолорунан (Кара И. деген ат м-н) башталат. Уз. 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км2. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск ш-на чейин Буктурма суу сактагычы ж-а Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей ш-нан төмөн, чатына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 кмге чейин кеңийт. Башкы куймалары: Ишим, Вагай, Тобол, Конда (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орт. чыгымы Тобольск ш. тушта 2150 м3/сек (чатында 2830 м3/сек), эң чоң чыгымы – 12 100 м3/сек, эң азы – 297 м3/сек. Төмөнкү агымы майдан сентябрга, жогорку агымы апрелден октябрга чейин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 кмге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу м-н камсыз кылып, сугатка пайдаланылат. Иртыш – Караганды каналы сууну И-тан алат. Боюндагы негизги шаарлар ж-а порттор: Усть-Каменогорск, Семей, Павлодар, Омск, Тобольск, Ханты-Мансийск. Тарыхый даректер б-ча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль м-н Артуш д-нын ортолорунда кимактар, ал эми кимактардын чыгышында кыргыз уруулары турары айтылган. М. Кашгариде да (11-к.) И-та огуз тилдүү уруулар жашаары эскерилген. 8-к-дын ортосунда И-тын жогорку агымын ээлеген карлуктар батыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калышкан. 9-к-дын 2-жарымы – 10-к-дын башында Борб. Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батышка жыла баштаган. 10–12-к-да И-ты кыргыздардын айрым бөлүктөрү ж-а түрк уруулары мекендеп турган. 13-к-да бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жучу хандын байтактысы И-та жайгашып, 14-к-дын 2-жарымынан Моголстан мамлекетинин карамагына кирген ж-а И. анын түн. чек арасы катары эсептелген. 14-кдын 2-жарымынан И. ойрот урууларынын карамагында калган ж-а калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-к-дын 1-жарымында Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин И-ты казак уруулары мекендеген. Орустардын Сибирди өздөштүрүшү м-н И. аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жогорку Иртыш өрөөнү Енисей ж-а Теңир-Тоо кыргыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.
К. Жумашев, Т. Асанов.