ИСПИД-БУЛАН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСПИД-БУЛАН</b> , С а ф е д- Б у л а н – | <b type='title'>ИСПИД-БУЛАН</b> , С а ф е д- Б у л а н – орто кы­лымга таандык шаар калдыгы. Фергана өрөө­нүнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө Ала-Бука районунда­гы Сафед-Булан (Гүлстан) кыштагынын жанында жайгашкан. Арабдар Фергананы басып алып, калкын мусулмандаштыруу жөнүндөгү Жамал Кар­шинин (XIII кылым) жана жергиликтүү көрүстөндөрдөн табыл­ган таш (кайрак) бетиндеги XII–XV кылымдарга таандык жазууларда «Испид-Булан» деген аталыш менен эскерилип, XVI кылымдан Сафед-Булан аталат. Сафед- Булан тарыхый булактарда, эл оозунда жана сан­жыралардагы маалыматтар боюнча арабдар кел­ген кезде, алар менен согушкан жергиликтүү бийлик ээле­рине каршы арабдарга жардам берип жүргөн касандык кыз катары эскерилет да, анын бейи­тине күмбөз курулгандан кийин ошол жер, ки­йинчерээк анын жанындагы кыштак да Сафед- Булан аталып калган. Болжол менен X–XII кылымдарда Сафед-Буландын күмбөзүнүн жанына ушул чөлкөмдө курман болгон араб кол башчылары­нын бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган. Бул эстелик Гүлстан кыштагынын чыгыш жагын­дагы дөңсөөдө жайгашкан. Сафед-Буландын бе­йити ушул мавзолейдин короосунун түндүк-батыш тарабынан орун алган. Испид-Булан – Аксы чөлкөмүндөгү ири мазарлардын бири. Кезегин­де бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. 1842-жылы ушул жерде Кокон ханы Ше­ралы миң башы Нүзүп Эсенбай уулунун жарда­мы менен ак кийизге салынып хан көтөрүлсө, 1873-жылы жаз айларында Кокон хандыгынын акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан де­ген ат менен хан көтөрүлгөн. | ||
чөлкөмдө курман болгон араб кол башчылары­нын бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган. Бул эстелик Гүлстан | [[Файл:Шах.jpg|thumb|Шах-Фазилдин күмбөзү.]] | ||
чөлкөмүндөгү ири мазарлардын бири. Кезегин­де бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп | [[Файл:Саф.jpg|center|thumb|Сафед-Булан күмбөзү.]] | ||
өткөн. 1842- | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
08:47, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИСПИД-БУЛАН , С а ф е д- Б у л а н – орто кылымга таандык шаар калдыгы. Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө Ала-Бука районундагы Сафед-Булан (Гүлстан) кыштагынын жанында жайгашкан. Арабдар Фергананы басып алып, калкын мусулмандаштыруу жөнүндөгү Жамал Каршинин (XIII кылым) жана жергиликтүү көрүстөндөрдөн табылган таш (кайрак) бетиндеги XII–XV кылымдарга таандык жазууларда «Испид-Булан» деген аталыш менен эскерилип, XVI кылымдан Сафед-Булан аталат. Сафед- Булан тарыхый булактарда, эл оозунда жана санжыралардагы маалыматтар боюнча арабдар келген кезде, алар менен согушкан жергиликтүү бийлик ээлерине каршы арабдарга жардам берип жүргөн касандык кыз катары эскерилет да, анын бейитине күмбөз курулгандан кийин ошол жер, кийинчерээк анын жанындагы кыштак да Сафед- Булан аталып калган. Болжол менен X–XII кылымдарда Сафед-Буландын күмбөзүнүн жанына ушул чөлкөмдө курман болгон араб кол башчыларынын бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган. Бул эстелик Гүлстан кыштагынын чыгыш жагындагы дөңсөөдө жайгашкан. Сафед-Буландын бейити ушул мавзолейдин короосунун түндүк-батыш тарабынан орун алган. Испид-Булан – Аксы чөлкөмүндөгү ири мазарлардын бири. Кезегинде бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. 1842-жылы ушул жерде Кокон ханы Шералы миң башы Нүзүп Эсенбай уулунун жардамы менен ак кийизге салынып хан көтөрүлсө, 1873-жылы жаз айларында Кокон хандыгынын акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан деген ат менен хан көтөрүлгөн.

