ИШТЕП ЧЫГАРУУ НОРМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ИШТЕП ЧЫГАРУУ НОРМАСЫ – жумушчунун (бригаданын) белгилүү бир убакыттын (сааттын, сменанын, айдын) ичинде иштеп чыгарууга ти­йиш болгон продукцияларынын же операция­ларынын санын объекттин өндүрүмдүүлүгүн, тех­никалардын, тexнологиянын, өндүрүштү ж-а эм­гекти уюштуруунун, жумушчулардын квали­фикациясынын деңгээлине жараша болот. Иш­теп чыгаруунун прогрессивдүү нормасы өндү­рүштүн алдыңкы тажрыйбасын, илим м-н тех­никанын жаңы жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүүнү талап кылат, иштеп чыгаруу нор­масы убакыттын фондусун убакыт нормасына бөлүү жолу м-н аныкталат. Убакыт нормасы канчалык чоң болсо, иштеп чыгаруунун смена­лык нормасы ошончолук аз болот да, тескери­синче, убакыт нормасы канчалык аз болсо, иштеп чыгаруунун нормасы ошончолук арбын болот; тейлөө нормасы – бир сменада жу­мушчунун канча сандагы жабдууларды же кан­ча жумушчу орундарын тейлей тургандыгын көрсөтөт. Ил. жактан негизделген убакыт нор­масы, иштеп чыгаруунун саны жана тейлөө нормасы эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун, адам эмгегин үнөмдөөнүн чечүүчү факторлору­нун бири болуп саналат.