КАБАЛЬЕ Монтсеррат: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Lera moved page КАБАЛЬЕ to КАБАЛЬЕ Монтсеррат) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАБАЛЬЕ́</b> (Caballe) Монтсеррат (12. 4. 1933- | <b type='title'>КАБАЛЬЕ́</b> (Caballe) Монтсеррат (12. 4. 1933-жылы туулган, Барселона – 6. 10. 2018, ошол эле жерде) – испан ырчысы (сопрано). 1954-жылы Барселона консерваториясын бүткөн. Биринчи жолу 1956-жылы Базель операсында Миминин партиясын (Ж. Пуччини, «Богема») ырдап чыккан. | ||
[[File:КАБАЛЬЕ48.png | thumb | none]] | [[File:КАБАЛЬЕ48.png | thumb | none]] | ||
Дүйнөнүн көрүнүктүү опера­лык театр сценаларында, анын ичинде «Ла Скалада» (Милан, 1960-жылдан), «Метрополи­тен-операда» (Нью-Йорк, 1965-жылдан), «Ковент-Гар­денде» (Лондон, 1972-жыл­дан) ырдаган. СССРде би­ринчи жолу 1974-жылы «Ла Скала» труппасы менен гаст­ролдо болгон. Глайндборн фестивалынын ка­тышуучусу (1965). Репертуарынын негизин XIX–XX кылымдардын башындагы италян композиторлордун (В. Беллини, Г. Доницетти, Ж. Россини, Ж. Вер­ди, Ж. Пуччини) опералары түзөт. Опералык ка­рьерасын 1992-жылы аяктап, эстрадалык концерт­терде ырчылык ишмердигин улантууда. Көптө­гөн аудио-жазууларды чыгарган, анын ичинде «Барсе­лона» концерттик программасы (Ф. Меркьюри менен дуэти, 1988) да бар. | |||
Ад.: <i>Пуллен Р., Тейлор С. М.</i> Кабалье. Casta diva. M., 2005. | Ад.: <i>Пуллен Р., Тейлор С. М.</i> Кабалье. Casta diva. M., 2005. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:25, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАБАЛЬЕ́ (Caballe) Монтсеррат (12. 4. 1933-жылы туулган, Барселона – 6. 10. 2018, ошол эле жерде) – испан ырчысы (сопрано). 1954-жылы Барселона консерваториясын бүткөн. Биринчи жолу 1956-жылы Базель операсында Миминин партиясын (Ж. Пуччини, «Богема») ырдап чыккан.

Дүйнөнүн көрүнүктүү опералык театр сценаларында, анын ичинде «Ла Скалада» (Милан, 1960-жылдан), «Метрополитен-операда» (Нью-Йорк, 1965-жылдан), «Ковент-Гарденде» (Лондон, 1972-жылдан) ырдаган. СССРде биринчи жолу 1974-жылы «Ла Скала» труппасы менен гастролдо болгон. Глайндборн фестивалынын катышуучусу (1965). Репертуарынын негизин XIX–XX кылымдардын башындагы италян композиторлордун (В. Беллини, Г. Доницетти, Ж. Россини, Ж. Верди, Ж. Пуччини) опералары түзөт. Опералык карьерасын 1992-жылы аяктап, эстрадалык концерттерде ырчылык ишмердигин улантууда. Көптөгөн аудио-жазууларды чыгарган, анын ичинде «Барселона» концерттик программасы (Ф. Меркьюри менен дуэти, 1988) да бар.
Ад.: Пуллен Р., Тейлор С. М. Кабалье. Casta diva. M., 2005.