КАБА-САЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАБА-САЙ – Базар-Коргон р-нундагы суу, Кара- Үңкүрдүн оң куймасы. Уз. 26 км, алабынын аянты 137 км2, алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 1800 м. Бабаш-Ата тоосунун түш.-батыш капталынан агып түшөт. Тоолуу капчыгайдан өткөн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Кара-Үңкүргө куя берген жери куушураак келет. Эки куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 0,95 м3/сек, эң көбү апрель–майда, эң азы январь–февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Каба, Сөгөт, Сасык-Булак, Кыргыз-Каба ж. б. кыш. жайгашкан.