КАВКАЗДЫН КАРА ДЕҢИЗДИК ЖЭЭГИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАВКАЗДЫН КАРА ДЕҢИЗДИК ЖЭЭГИ – Кара деңиздин Анападан Грузиянын Түркия м-н чек арасына чейинки чыгыш жээги. Уз. 800 км. Түндүгүнө Чоң Кавказдын кырка тоолору, түштүгүнө Колхида ойдуңу ж-а Кичи Кавказдын тоолору кирип турат. Түн. бөлүгүнө жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат мүнөздүү, жайы кургак, июлдун орт. темп-расы 23°С, ян-
вардыкы 3°С; түштүгүнүкү нымдуу субтропиктик климат (июлдун орт. темп-расы 24°С, январдыкы 5°С). Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 500 мм, түштүгүндө 2800 мм. Түндүгүндө токой ж-а шибляк тибиндеги ксерофиль бадалдары, түштүгүндө лианалуу ж-а дайыма жашыл бадалдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, чай өстүрүү өнүккөн. К. К. д. ж. климаттык ж-а бальнеол. курорттуу (Анапа, Геленжик, Сочи, Хоста, Гагра, Гудаута, Сухуми, Кобулети, Батуми ж. б.) зона.