КАГАЗ МАШИНАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАГАЗ МАШИНАСЫ</b> – кагаз массасынын суу кошулган аралашмасынан кагаз | <b type='title'>КАГАЗ МАШИНАСЫ</b> – кагаз массасынын суу кошулган аралашмасынан кагаз жана картондун айрым түрлөрүн жасоочу агрегат. Бул машина жалпак жана тегерек тордуу (цилиндрлүү) болуп айырмаланат. Ж а л п а к тордуу машинада кагаздын негизги түрү, ал эми | ||
т е г е р е к тор­дуу машинада кагаз менен картондун айрым түрү иштеп чыгарылат. Кагаз машинасы килкилдек буладан чубама кагаз тилкесин жасоочу, суусун сарык­тыруучу тордон, кагаз тилкесин ныктагычтан, кургаткычтан жана жылтыратуучу, тыгыздап жылмалоочу , түрмөктөөчү, жасалгалоочу бөлүктөрдөн турат. Даяр кагаз массасы насос­тун жардамы менен бассейнге жиберилет, андан машинанын тордуу бөлүгүнө өткөрүлүп, анын бетине текши жайылтат. Тор кыймылда бол­гондуктан, суу сарыгып, тордун бетинде кагаз тилкеси пайда болот. Ал тилке андан ары нык­тагыч бөлүккө берилип, кагаз тилкесинин кал­ган суусу сыгып чыгарылат жана абдан тыгызда­лат. Мындан кийин кагаз кургаткыч бөлүккө, ичине буу жиберилүүчү 2 катар орнотулган ай­ланма цилиндирге оролуп кургатылат. Жасалгалоочу | |||
[[File:КАГАЗ МАШИНАСЫ63.png | thumb | | [[File:КАГАЗ МАШИНАСЫ63.png | thumb | | ||
Кагаз жасоочу жалпак тордуу машинанын схемасы: 1 – машина бассейни; 2 – насос; 3 – суу күчү туруктуу бак; 4 – майдалагыч; 5 – аралаштыргыч насос; 6 – задвижка; 7 – тазалоочу аппаратура; 8 – кысым (напор) ящиги; 9 – тордуу бөлүк; 10 – алдыңкы вал (грудной); 11 – гауч-вал; 12 – регистрдик вал; 13 – соруп чыгаруучу ящик; 14 – түздөгүч вал (эгутер); 15 – туура валик; 16 – ныктагыч (пресстүү бөлүк); 17 – жалпайтуучу (вальцовкалоочу) пресстер; 18 – пресстөөчү бөлүктүн жүн сукносу; 19 – кургаткыч бөлүк; 20–21 – кургаткыч цилиндрлер; 22 – каландр; 23 – муздаткыч цилиндр; 24 – орогуч (накат); 25 – узунунан кесүүчү станок.]] | Кагаз жасоочу жалпак тордуу машинанын схемасы: 1 – машина бассейни; 2 – насос; 3 – суу күчү туруктуу бак; 4 – майдалагыч; 5 – аралаштыргыч насос; 6 – задвижка; 7 – тазалоочу аппаратура; 8 – кысым (напор) ящиги; 9 – тордуу бөлүк; 10 – алдыңкы вал (грудной); 11 – гауч-вал; 12 – регистрдик вал; 13 – соруп чыгаруучу ящик; 14 – түздөгүч вал (эгутер); 15 – туура валик; 16 – ныктагыч (пресстүү бөлүк); 17 – жалпайтуучу (вальцовкалоочу) пресстер; 18 – пресстөөчү бөлүктүн жүн сукносу; 19 – кургаткыч бөлүк; 20–21 – кургаткыч цилиндрлер; 22 – каландр; 23 – муздаткыч цилиндр; 24 – орогуч (накат); 25 – узунунан кесүүчү станок.]] | ||
бөлүктө жалтыратылып, жылмакайла­нып, даяр кагаз түрмөктөлөт. Кагаздын ар бир сорту үчүн машинанын кагаз тилкесин түзүүчү эни жана өзүнчө ылдамдыгына жараша болот. Эни кууш (1,6–4,2 <i>м</i>) кагаз машинасында өтө жука, ата­йын техника, фото жана документ кагаздары, кеңи­ри эндүү (6 мден ашык) машинада газета басы­луучу жана баштык жасалуучу кагаз даярдалат. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
04:14, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАГАЗ МАШИНАСЫ – кагаз массасынын суу кошулган аралашмасынан кагаз жана картондун айрым түрлөрүн жасоочу агрегат. Бул машина жалпак жана тегерек тордуу (цилиндрлүү) болуп айырмаланат. Ж а л п а к тордуу машинада кагаздын негизги түрү, ал эми
т е г е р е к тордуу машинада кагаз менен картондун айрым түрү иштеп чыгарылат. Кагаз машинасы килкилдек буладан чубама кагаз тилкесин жасоочу, суусун сарыктыруучу тордон, кагаз тилкесин ныктагычтан, кургаткычтан жана жылтыратуучу, тыгыздап жылмалоочу , түрмөктөөчү, жасалгалоочу бөлүктөрдөн турат. Даяр кагаз массасы насостун жардамы менен бассейнге жиберилет, андан машинанын тордуу бөлүгүнө өткөрүлүп, анын бетине текши жайылтат. Тор кыймылда болгондуктан, суу сарыгып, тордун бетинде кагаз тилкеси пайда болот. Ал тилке андан ары ныктагыч бөлүккө берилип, кагаз тилкесинин калган суусу сыгып чыгарылат жана абдан тыгыздалат. Мындан кийин кагаз кургаткыч бөлүккө, ичине буу жиберилүүчү 2 катар орнотулган айланма цилиндирге оролуп кургатылат. Жасалгалоочу

бөлүктө жалтыратылып, жылмакайланып, даяр кагаз түрмөктөлөт. Кагаздын ар бир сорту үчүн машинанын кагаз тилкесин түзүүчү эни жана өзүнчө ылдамдыгына жараша болот. Эни кууш (1,6–4,2 м) кагаз машинасында өтө жука, атайын техника, фото жана документ кагаздары, кеңири эндүү (6 мден ашык) машинада газета басылуучу жана баштык жасалуучу кагаз даярдалат.