КАЖЫРАБАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

КАЖЫРАБАТ – Жалал-Абад обл-нун Базар- Коргон р-нундагы кыштак. Сейдикум айыл ок­ругуна караштуу. Кара-Үңкүр суусунун боюнда, деңиз деңг. 585 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Базар-Коргон кыш-нан 13 км түш.- батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 45 км. Кыштак 1950-ж. негизделген. Калкы 2005 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кесиптик лицей, орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт, мончо, почта бар. Пахта даярдоочу пункт, 2 тегирмен, 3 ак жуаз, 2 май жуаз иш­тейт.