КАЙЫМ АЙТЫШУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАЙЫМ АЙТЫШУУ</b> – кыргыз оозеки поэзия&shy;сында кеңири учураган айтыш ырларынын бир түрү. Аш-тойлордо, эл жыйылган жерлерде төкмө акындар кайым айтышып ырдашкан. К. а. тематикасы жагынан ар түрдүү формада болот. Токтогул сыяктуу нускоочу акындар ыр&shy;дын бул түрүн көбүнчө элдин кызыкчылыгын жактоо үчүн колдонушкан. Мындай ырларда акындын позициясы, көз карашы ачык көрүнөт (мис., Токтогул менен Арзыматтын К. а-су). Аш&shy;керелөөчү, табышмактуу, тамашалуу ж. б. мүнөз&shy;дөгү К. а-лар да болгон. Токтогул м-н Арзымат&shy;тын айтышы кордоо, ашкерелөө максатын көздөсө, Талым кыз м-н Көбөктүн айтышы та&shy;бышмактуу, Токтогул м-н Эшмамбеттин сакал ж-дө айтышы тамашалуу мааниге ээ. К. а. акын&shy;дар поэзиясындагы филос. тереңдиги жагынан
<b type='title'>КАЙЫМ АЙТЫШУУ</b> – кыргыз оозеки поэзия&shy;сында кеңири учураган айтыш ырларынын бир түрү. Аш-тойлордо, эл жыйылган жерлерде төкмө акындар кайым айтышып ырдашкан. Кайым айтышуу тематикасы жагынан ар түрдүү формада болот. Токтогул сыяктуу нускоочу акындар ыр&shy;дын бул түрүн көбүнчө элдин кызыкчылыгын жактоо үчүн колдонушкан. Мындай ырларда акындын позициясы, көз карашы ачык көрүнөт (мисалы, Токтогул менен Арзыматтын кайым айтышуусу). Аш&shy;керелөөчү, табышмактуу, тамашалуу жана башка мүнөз&shy;дөгү кайым айтышуулар да болгон. Токтогул менен Арзымат&shy;тын айтышы кордоо, ашкерелөө максатын көздөсө, Талым кыз менен Көбөктүн айтышы та&shy;бышмактуу, Токтогул менен Эшмамбеттин сакал жөнүндө айтышы тамашалуу мааниге ээ. Кайым айтышуу. акын&shy;дар поэзиясындагы философиялык тереңдиги жагынан да, көркөмдүк жагынан да өнүккөн ыр түрүнө жатат. Аалам, дүйнө, жаратылыш, ар түркүн табияттык кубулуштар төкмө акындар тарабы&shy;нан метафоралык, каймана түрүндөгү образдар аркылуу чагылдырылат. Мындай кайым айтышууар <i>Ток&shy;тогул, Калык, Барпы, Жеңижок,</i> Эсенаман, Чоң&shy;ду, <i>Нурмолдо</i> жана башка залкар акындардын чыгармачы&shy;лыгында кеңири кездешет.
 
 
да, көркөмдүк жагынан да өнүккөн ыр түрүнө жатат. Аалам, дүйнө, жаратылыш, ар түркүн табияттык кубулуштар төкмө акындар тарабы&shy;нан метафоралык, каймана түрүндөгү образдар аркылуу чагылдырылат. Мындай К. а-лар <i>Ток&shy;тогул, Калык, Барпы, Жеңижок,</i> Эсенаман, Чоң&shy;ду, <i>Нурмолдо</i> ж. б. залкар акындардын чыг&shy;лыгында кеңири кездешет.
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

08:16, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

КАЙЫМ АЙТЫШУУ – кыргыз оозеки поэзия­сында кеңири учураган айтыш ырларынын бир түрү. Аш-тойлордо, эл жыйылган жерлерде төкмө акындар кайым айтышып ырдашкан. Кайым айтышуу тематикасы жагынан ар түрдүү формада болот. Токтогул сыяктуу нускоочу акындар ыр­дын бул түрүн көбүнчө элдин кызыкчылыгын жактоо үчүн колдонушкан. Мындай ырларда акындын позициясы, көз карашы ачык көрүнөт (мисалы, Токтогул менен Арзыматтын кайым айтышуусу). Аш­керелөөчү, табышмактуу, тамашалуу жана башка мүнөз­дөгү кайым айтышуулар да болгон. Токтогул менен Арзымат­тын айтышы кордоо, ашкерелөө максатын көздөсө, Талым кыз менен Көбөктүн айтышы та­бышмактуу, Токтогул менен Эшмамбеттин сакал жөнүндө айтышы тамашалуу мааниге ээ. Кайым айтышуу. акын­дар поэзиясындагы философиялык тереңдиги жагынан да, көркөмдүк жагынан да өнүккөн ыр түрүнө жатат. Аалам, дүйнө, жаратылыш, ар түркүн табияттык кубулуштар төкмө акындар тарабы­нан метафоралык, каймана түрүндөгү образдар аркылуу чагылдырылат. Мындай кайым айтышууар Ток­тогул, Калык, Барпы, Жеңижок, Эсенаман, Чоң­ду, Нурмолдо жана башка залкар акындардын чыгармачы­лыгында кеңири кездешет.