КАЛАМБУР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛАМБУ́Р</b> ( | <b type='title'>КАЛАМБУ́Р</b> (французча calembour – сөз оюну) – азил­-тамаша сөздөр жана окшош үндөштүктөн чыккан сөз оюну; маанилери жагынан ар башка, бирок айтылышы жана жазыл ышы боюнча бирдей сөздөрдүн, сөз айкаштарынын тыбыштык ок­шоштугуна, үндөштүгүнө негизделип курулуучу стилдик ыкма. Орус адабиятында каламбурлук уйкаштар А. С. <i>Пушкин</i>, М. Ю. <i>Лермонтов</i>, Д. Минаев, В. <i>Маяковский</i> жана башка акын-жазуучулардын чы­гармаларында кездешет. Каламбур өнөрү түрк элдеринин (мисалы, өзбек, уйгур, түркмөн, азербайжан) оозеки, ошондой эле классикалык жазма поэзиясында кеңири тараган. Кыргыз поэзиясында көбүнчө балдар фольклорунда кездешет, мисалы, «Төлдүн башы куба кой, жаныбарым тура кой» (А. Осмонов, «Кой төлдөтүү»). Каламбур көркөм текстте куудулдануу, туу­роо жана башка максаттарда да пайдаланылат. | ||
А. С. <i>Пушкин</i>, М. Ю. <i>Лермонтов</i>, Д. Минаев, | |||
В. <i>Маяковский</i> | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
08:59, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАЛАМБУ́Р (французча calembour – сөз оюну) – азил-тамаша сөздөр жана окшош үндөштүктөн чыккан сөз оюну; маанилери жагынан ар башка, бирок айтылышы жана жазыл ышы боюнча бирдей сөздөрдүн, сөз айкаштарынын тыбыштык окшоштугуна, үндөштүгүнө негизделип курулуучу стилдик ыкма. Орус адабиятында каламбурлук уйкаштар А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Д. Минаев, В. Маяковский жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларында кездешет. Каламбур өнөрү түрк элдеринин (мисалы, өзбек, уйгур, түркмөн, азербайжан) оозеки, ошондой эле классикалык жазма поэзиясында кеңири тараган. Кыргыз поэзиясында көбүнчө балдар фольклорунда кездешет, мисалы, «Төлдүн башы куба кой, жаныбарым тура кой» (А. Осмонов, «Кой төлдөтүү»). Каламбур көркөм текстте куудулдануу, тууроо жана башка максаттарда да пайдаланылат.