ЖЫЛМАЛООЧУ СТАНОК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛМАЛООЧУ СТАНО́К</b> – металл, жыгач жана таш буюмдарын, тетиктерди абразивдүү ас­паптар менен жылмалагыч. Бул станокто жыл­малап иштетилгенде, тетик же буюм так өл­чөмүнө жана формасына келтирилет, үстүңкү бети тазартылып, сапаты жакшыртылат. Жыгач иштеткич жылмалоочу станокто жылмалоочу материал катары абразивдүү материалдар жабыштырылган тери пайдаланылып, ал иштетилүүчү тетиктин фор­масына жана станоктун конструкциясына жараша дисктүү, тасмалуу, шпинделдүү, цилиндрлүү жана щёткалуу болуп айырмаланат. Таш буюм­дарын жылмалоочу станокто жылмалоочу тегерек өгөө колдо­нулат. Машина жана прибор курууда жылмалоочу станок – сүрүүчү, суюктуктуу жана борбордон четтеме бо­луп бөлүнөт. Суюктуктуу жана борбордон четтеме станок негизинен татаал формадагы буюмдар­ды жылмалоого арналган. Сүрүүчү жылмалоочу станокто те­тик столго бекитилип, жылмалоо шпинделге бекитилген айлануучу сүргүч аркылуу ишке ашы­рылат. Сүргүчтөр жумшак металлдан (мисалы, жез), жыгачтан, кийизден, териден жасалат. Жыл­малоочу материалдар сүргүчкө жабыштырылат же иштетүү убагында берилип турат. Суюктук­туу жылмалоочу станокто буюм камерага жайгаштырылып, абразивдүү материал аралашкан суюктуктун агымы менен жылмаланат. Борбордон четтөөчү жылмалоочу станокто сыйымдуулук жайгаштырылып, ал аб­разивдүү күкүм же эритме менен толтурулат. Сы­йымдуулук айланган учурда абразивдүү аралаш­ма кыймылга келип, кыймылсыз турган тетик­ти жылмалайт. Эмерек жана жыгач өндүрүшүндө жылмалоочу станок лак-сыр капталган жана каптала элек жыгач буюмдарын жылмалоочу болуп бөлүнөт. Сырдалбаган жыгач буюмдарын жылмалоо – кол менен электр кыймылдаткычынын жардамы аркылуу, ал эми лак-сыр капталган жыгач ма­териалдар болсо материал дисктеринен чогул­тулган айлануучу жумшак текстиль барабаны менен ишке ашырылат. | <b type='title'>ЖЫЛМАЛООЧУ СТАНО́К</b> – металл, жыгач жана таш буюмдарын, тетиктерди абразивдүү ас­паптар менен жылмалагыч. Бул станокто жыл­малап иштетилгенде, тетик же буюм так өл­чөмүнө жана формасына келтирилет, үстүңкү бети тазартылып, сапаты жакшыртылат. Жыгач иштеткич жылмалоочу станокто жылмалоочу материал катары абразивдүү материалдар жабыштырылган тери пайдаланылып, ал иштетилүүчү тетиктин фор­масына жана станоктун конструкциясына жараша дисктүү, тасмалуу, шпинделдүү, цилиндрлүү жана щёткалуу болуп айырмаланат. Таш буюм­дарын жылмалоочу станокто жылмалоочу тегерек өгөө колдо­нулат. Машина жана прибор курууда жылмалоочу станок – сүрүүчү, суюктуктуу жана борбордон четтеме бо­луп бөлүнөт. Суюктуктуу жана борбордон четтеме станок негизинен татаал формадагы буюмдар­ды жылмалоого арналган. Сүрүүчү жылмалоочу станокто те­тик столго бекитилип, жылмалоо шпинделге бекитилген айлануучу сүргүч аркылуу ишке ашы­рылат. Сүргүчтөр жумшак металлдан (мисалы, жез), жыгачтан, кийизден, териден жасалат. Жыл­малоочу материалдар сүргүчкө жабыштырылат же иштетүү убагында берилип турат. Суюктук­туу жылмалоочу станокто буюм камерага жайгаштырылып, абразивдүү материал аралашкан суюктуктун агымы менен жылмаланат. Борбордон четтөөчү жылмалоочу станокто сыйымдуулук жайгаштырылып, ал аб­разивдүү күкүм же эритме менен толтурулат. Сы­йымдуулук айланган учурда абразивдүү аралаш­ма кыймылга келип, кыймылсыз турган тетик­ти жылмалайт. Эмерек жана жыгач өндүрүшүндө жылмалоочу станок лак-сыр капталган жана каптала элек жыгач буюмдарын жылмалоочу болуп бөлүнөт. Сырдалбаган жыгач буюмдарын жылмалоо – кол менен электр кыймылдаткычынын жардамы аркылуу, ал эми лак-сыр капталган жыгач ма­териалдар болсо материал дисктеринен чогул­тулган айлануучу жумшак текстиль барабаны менен ишке ашырылат. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
09:33, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛМАЛООЧУ СТАНО́К – металл, жыгач жана таш буюмдарын, тетиктерди абразивдүү аспаптар менен жылмалагыч. Бул станокто жылмалап иштетилгенде, тетик же буюм так өлчөмүнө жана формасына келтирилет, үстүңкү бети тазартылып, сапаты жакшыртылат. Жыгач иштеткич жылмалоочу станокто жылмалоочу материал катары абразивдүү материалдар жабыштырылган тери пайдаланылып, ал иштетилүүчү тетиктин формасына жана станоктун конструкциясына жараша дисктүү, тасмалуу, шпинделдүү, цилиндрлүү жана щёткалуу болуп айырмаланат. Таш буюмдарын жылмалоочу станокто жылмалоочу тегерек өгөө колдонулат. Машина жана прибор курууда жылмалоочу станок – сүрүүчү, суюктуктуу жана борбордон четтеме болуп бөлүнөт. Суюктуктуу жана борбордон четтеме станок негизинен татаал формадагы буюмдарды жылмалоого арналган. Сүрүүчү жылмалоочу станокто тетик столго бекитилип, жылмалоо шпинделге бекитилген айлануучу сүргүч аркылуу ишке ашырылат. Сүргүчтөр жумшак металлдан (мисалы, жез), жыгачтан, кийизден, териден жасалат. Жылмалоочу материалдар сүргүчкө жабыштырылат же иштетүү убагында берилип турат. Суюктуктуу жылмалоочу станокто буюм камерага жайгаштырылып, абразивдүү материал аралашкан суюктуктун агымы менен жылмаланат. Борбордон четтөөчү жылмалоочу станокто сыйымдуулук жайгаштырылып, ал абразивдүү күкүм же эритме менен толтурулат. Сыйымдуулук айланган учурда абразивдүү аралашма кыймылга келип, кыймылсыз турган тетикти жылмалайт. Эмерек жана жыгач өндүрүшүндө жылмалоочу станок лак-сыр капталган жана каптала элек жыгач буюмдарын жылмалоочу болуп бөлүнөт. Сырдалбаган жыгач буюмдарын жылмалоо – кол менен электр кыймылдаткычынын жардамы аркылуу, ал эми лак-сыр капталган жыгач материалдар болсо материал дисктеринен чогултулган айлануучу жумшак текстиль барабаны менен ишке ашырылат.