ЗАТАЕВИЧ Александр Викторович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

08:29, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЗАТАЕ́ВИЧ Александр Викторович [8 (20). 3. 1869‚ Орёл губерниясы, Болхов – 6. 12. 1936‚ Москва] – орус музыка изилдөөчүсү‚ музыкант-­этнограф жана композитор. Казак ССР эл артисти (1923). Музкалык билимди Орёл шаарындагы аскер гим­назиясынан алган (1886). 1904–1915-жылдары Варшавада иштеп‚ орус жана батыш классиктеринин чыгармала­ры‚ элдик музыка жөнүндө ма­калаларды жазган. Чыг­армачылык жолу казак элинин музыкалык маданияты менен тыгыз бай­ланыштуу.

Ал 2300дөн ашуун казак эл ырларын‚ күүлөрүн нотага түшүрүп, Оренбургдан «1000 песен киргизского (казахского) народа» аттуу жыйнак чыгарган (1925). Ага 1924-жылы жазылып алынган кыргыздын 8 ыры («Cекетбай»‚ «Күңөтай»‚ «Ашыктык»‚ «Арман­дуу дүйнө» жана башкалар) кирген. Затаевич 1928-жылы Кыргыз АСCР эл агартуу комиссариатынын чакыруусу боюнча Фрунзеге келип‚ Муратаалы‚ Токтогул‚ Карамолдо‚ Жолой‚ А. Малдыбаев жана башкалардан обон ­күүлөрдү жаздырып алып‚ «Кыргыздын 250 күүсү жана обону» деген ат менен 1934-жылы Москвадан китеп чыгарган. 1936-жылы Затаевич Кыргызстанга экинчи жолу келип‚ Атай‚ Муса‚ Калык‚ Cаид‚ Молдо­басан‚ Ыбырай‚ Шаршенден 170 ыр-күү жазып алган‚ А. Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан»‚ «Күн бүгүн»‚ «Тилек» жана башка 10 ырын фортепья­но үчүн иштеп чыккан. 1971-жылы Затаевичтин «Кыргыз­дын аспаптык күүлөрү жана обондору» де­ген жыйнагы (түзгөн жана редактору В. C. Ви­ноградов) жарык көргөн. Затаевич татар‚ уйгур‚ дун­ган жана башка элдердин музыкалык чыгармаларын да жый­нап‚ нотага түшүргөн. Ал казак‚ кыргыз музы­касынын теориялык жанаа тарыхый маселелеринин че­чилишине зор үлүш кошуп‚ профессионал му­зыкасынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзгөн. Анын эмгектерин айрым орус композиторлору да пай­даланышкан.


Чыг.: Киргизские инструментальные пьесы и напе­вы / Сост. В. С. Виноградов. М., 1971. Б. Алагушов.