ИБРАЕВ Анарбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page ИБРАЕВ 1 to ИБРАЕВ Анарбек) |
(Айырма жок)
|
08:38, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИБРАЕВ Анарбек (4. 4. 1951-жылы туулган‚ Ысык-Көл облусу‚ Ак-Суу району‚ Тепке айылы) – ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999). Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы эки жылдык студияны (1969)‚ Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1979) бүтүргөн. Чыгармачылыгы 1969-жылдан башталган. Адегенде Ч. Кожомжаров жетектеген туңгуч кыргыз эстрада ансамблинде‚ 1981-жылдан К. Орозов атындагы Кыргыз эл аспаптар оркестринде‚ бир эле мезгилде А. Малдыбаев атындагы


Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында (1992-жылдан) солист. М. Рыскулбеков («Эжелерим‚ агайым»)‚ C. Жумалиев («Таң сыры»‚ «Үзүлбөгөн үмүттөр»‚ «Cары-Челек»)‚ Ж. Шералиев («Кыргыз жайлоосу»‚ «Эстей берем»)‚ А. Керимбаев («Көл баяны»)‚ C. Бактыгулов («Ырымды сага арнаймын»)‚ Ш. Дүйшөналиев («Кумаркөз») жана башка обончулардын ырларын чебер аткарат. Операда ырдаган партиялары: Сыргак, Күлчоро, (А.Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», «Айчүрөк»), Болот (Ж. Каниметов, «Ак Мөөр»), Ленский (П. Чайковский, «Евгений Онегин»), Альмавива (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), канзаада Тамино (А. Моцарт, «Сыйкырдуу чоор») жана башкалар. Италия‚ Франция‚ Тунис‚ Румыния‚ Түркия жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.