ЖЕҢИШ (Жети-Өгүз районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖЕҢИШ to ЖЕҢИШ (Жети-Өгүз районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
05:36, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕҢИШ , Ч ы ч к а н – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жаргылчак айыл округуна караштуу. Чычкан суусунун ж-а Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1647 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кышнан 24 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 161 км. Калкы 4124 (2022); негизинен мал м-н алектенип, токой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Намазбеков туулган.