|
|
1 сап: |
1 сап: |
| <b type='title'>Part2 556-бет</b>
| | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
| | |
| | |
| [[File:Part2 327-бет1.png | thumb | none]]
| |
| унда калыңдыгы 1–2,5 <i>км</i> келген катмар (чык­кан теги белгисиз, «экинчи» кабат деп аталат) жатат. «Базальт» кабатынын калыңдыгы океан түбүндө 5 <i>км</i>ге жетет. Жер кыртышы м-н м а н т и я н ы н ортосундагы сейсмикалык ыкмалардын негизинде аныкталган чек ара Мо­хоровичич бети деп аташат. Муну Мохо чеги же Мохо бети деп да айтышат. Мохо бетинен ки­йинки калыңдыгы 40 <i>км</i>ге жеткен катуу кат­мар кыртыш алдындагы катмар делет. Жер кыр­тышы м-н кыртыш алдындагы катмар экөө би­ригип, литосфераны түзөт. Мантиянын калың­дыгы 2900 <i>км</i>. Ал үстүнкү мантияга (субстрат; В, С) төмөнкү мантияга (Д., калыңдыгы 2000 <i>км</i>) ажырайт. Үстүнкү мантиянын кыртыш ал­дындагы катмардан кийинки кабаты астенос­фера деп аталат. Ал балкып эриген абалда бо­лот. Жер я д р о с у н у н радиусу 3,5 миң <i>км</i>ге жакын. Ал сырткы ядро (Е) ж-а ички ядро (субъядро; G) болуп бөлүнөт (к. сүрөт). Аларды калыңдыгы 300 <i>км</i>ге жеткен өтмө зона (F) бөлүп турат (адатта муну сырткы ядрого кошушат). Жердин курамында Fe, O, Si, Mg басымдуулук (Жер массасынын 90%) кылат. Жер кыртышы­нын жарымын кычкылтек, чейрегин кремний, бир топ бөлүгүн Al, Mg, Ca, Na ж-а K түзөт. Ядро Fe м-н Mgге бай оор минералдардан турат. Сейсмикалык толкундардын таралышынан улам сырткы ядро суюк, ал эми ички ядро (субъядро) катуу абалда деп болжолдонот. Жердин геосфераларында заттар тынымсыз кыймыл-аракетте ж-а өзгөрүүдө болот. Жер те­реңдигинде ж-а анын үстүнкү бетинде болуучу процесстер ички (эндогендик), сырткы (экзоген­дик) процесстерге бөлүнөт. Эндогендик процесс­тер жер кыртышынын айрым бөлүктөрүн ары-­бери же өйдө-төмөн жылдырат, деформациялайт (к. <i>Тектоникалык кыймылдар</i>). Тектоникалык кый­мылдардын таасиринен магма процесси жүрөт, башкача айтканда магма жогору көздөй көтөрүлүп, жер кыр­тышын түртөт же андагы жаракалар аркылуу
| |
| жер үстүнө атылат (к. <i>Жанартоо</i>). Тектон. де­формация м-н магманын көтөрүлүшү (басым м-н температуранын жогорулашы) жер кыртышын­дагы тектердин метаморфизмделишине шарт түзөт (к. <i>Метаморфизм</i>). Ошондой эле жер бети ж-а жер кыртышынын үстүнкү кабаты экзогендик процесстердин таасиринде болот. Алар экиге бөлүнөт: талкалоочу ж-а жаратуучу (талкалан­ган тектердин ойдуңдарга топтолушу ж-а чөкмө тектин келип чыгышы). Ички ж-а сырткы күчтөрдүн таасиринен жер бетинин түзүлүшү тынымсыз өзгөрүп турат. Материктер м-н оке­андар формасын бир нече жолу өзгөрткөн. Жер кыртышынын айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, тоо­лор пайда болгон же басырылып ойдуңга ай­ланган. Тектоникалык кыймылдардын таасиринен Жер бетинин рельефи, климаты, жаныбарлары м-н өсүмдүктөрү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Демек, органикалык дүйнөнүн өсүп-өнүгүүсү жер бетинин өнүгүү тарыхынын негизги этаптары м-н тыгыз бай­ланышта жүргөн. Жер ө н д ү р ү ш к а р а ж а ­т ы катары – эмгек процессинин материалдык базасы, каражат өндүрүүдөгү факторлордун бири. Жер – эл чарбасынын, өзгөчө токой ж-а айыл чарбасынын эң негизги табигый өндүрүш каражаты.
| |
| | |
| | |
| | |
| Ад.: <i>Куликов К. А., Сидоренко Н. С.</i> Планета Земля. 2-е изд. М., 1977; <i>Бялко А. В.</i> Наша планета Земля. 2-е изд. М., 1989; <i>Хаин В. Е., Короновский Н. В.</i> Планета Земля от ядра до ионосферы. М., 2007. <i>Хаин В. Е., Ломидзе М. Г.</i> Геотектоника с основами геодинамики. М., 2005. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
| |