ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ</b> – <i>астрономиянын</i> бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн, өнүгүшүн, кош, үчилтик ж. б. эселик жылдыздарды, жыл­дыз чогулмаларын, ошондой эле газ, чаң ж-а газ-чаң булуттарын ж-а аны пайда кылган | <b type='title'>ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ</b> – <i>астрономиянын</i> бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн, өнүгүшүн, кош, үчилтик ж. б. эселик жылдыздарды, жыл­дыз чогулмаларын, ошондой эле газ, чаң ж-а газ-чаң булуттарын ж-а аны пайда кылган диффузиялык заттарды изилдейт. Астрономиянын баш­ка тармагынан алынган маалыматты пайдала­нып, статистикалык материалдын негизинде Га­лактикадагы астрономиялык объектилердин касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн, өз ара байланышын, алардын жайгашуу ж-а кыймыл закондорун, өнүгүү бел­гилерин үйрөтөт. Жылдыз астрономиясы, жылдыз статистикасы, жылдыз кинематикасы ж-а жылдыз динами­касына бөлүнөт. Б. з. ч. 2-кылымда Гиппарх жыл­дыз каталогун түзүп, миңдей жылдыз коорди­наталарын көрсөткөн. 14-кылымда Улугбек Гиппарх каталогун тактап, жаңысын түзгөн. Жылдыздуу асманды изилдөөдө жылдыз атласы ж-а жыл­дыз картасы чоң мааниге ээ (к. <i>Жылдыздар</i>). | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
07:42, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ – астрономиянын бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн, өнүгүшүн, кош, үчилтик ж. б. эселик жылдыздарды, жылдыз чогулмаларын, ошондой эле газ, чаң ж-а газ-чаң булуттарын ж-а аны пайда кылган диффузиялык заттарды изилдейт. Астрономиянын башка тармагынан алынган маалыматты пайдаланып, статистикалык материалдын негизинде Галактикадагы астрономиялык объектилердин касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн, өз ара байланышын, алардын жайгашуу ж-а кыймыл закондорун, өнүгүү белгилерин үйрөтөт. Жылдыз астрономиясы, жылдыз статистикасы, жылдыз кинематикасы ж-а жылдыз динамикасына бөлүнөт. Б. з. ч. 2-кылымда Гиппарх жылдыз каталогун түзүп, миңдей жылдыз координаталарын көрсөткөн. 14-кылымда Улугбек Гиппарх каталогун тактап, жаңысын түзгөн. Жылдыздуу асманды изилдөөдө жылдыз атласы ж-а жылдыз картасы чоң мааниге ээ (к. Жылдыздар).