ЖЕРГЕ-ТАЛ (Сузак районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

10:10, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕРГЕ-ТАЛ , М и х а й л о в к а – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Көгарт айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 40 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 35 км. Калкы 6242 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Оорукана, поликлиника, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, ашкана иштейт.