ГЕТЕРОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕТЕРОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР ''' – даяр | '''ГЕТЕРОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР ''' – даяр органикалык заттар м-н азыктануучу организмдер. ''Автотрофтуу организмдерден'' айырмаланып, алар органикалык эмес заттардан органикалык заттарды өз алдынча түзө албайт. Гетеротрофтуу организмдерге адам ж-а бардык жаныбарлар, кээ бир өсүмдүктөр, козу карындар, көпчүлүк бактериялар, микроорганизмдер кирет. Алардын көпчүлүгү – топуракта жашаган аэробдор ж-а анаэробдор. Алар органикалык заттарды чиритип, өсүмдүккө азык болуучу бирикмелерге чейин ажыратат, топурактын кара чириндисин түзүүгө катышат, анын күрдүүлүгүн арттырат ж-а табияттагы зат алмашуу процессинде маанилүү роль ойнойт. Булар ''сапрофиттер'' деп аталат. Айрымдары мителер, алар мал ылаӊын, өсүмдүк илдетин, адам оорусун козгогучтар. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:25, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕТЕРОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР – даяр органикалык заттар м-н азыктануучу организмдер. Автотрофтуу организмдерден айырмаланып, алар органикалык эмес заттардан органикалык заттарды өз алдынча түзө албайт. Гетеротрофтуу организмдерге адам ж-а бардык жаныбарлар, кээ бир өсүмдүктөр, козу карындар, көпчүлүк бактериялар, микроорганизмдер кирет. Алардын көпчүлүгү – топуракта жашаган аэробдор ж-а анаэробдор. Алар органикалык заттарды чиритип, өсүмдүккө азык болуучу бирикмелерге чейин ажыратат, топурактын кара чириндисин түзүүгө катышат, анын күрдүүлүгүн арттырат ж-а табияттагы зат алмашуу процессинде маанилүү роль ойнойт. Булар сапрофиттер деп аталат. Айрымдары мителер, алар мал ылаӊын, өсүмдүк илдетин, адам оорусун козгогучтар.