ГЁТЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЁТЕ ''' Иоганн Вольфганг (28. 8. 1749, | '''ГЁТЕ ''' '''Иоганн Вольфганг''' (28. 8. 1749, Франкфрут на-Майне – 22. 3. 1832, Веймар) – немец акыны, жаӊы немец адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири, ойчул, Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү <br/> | ||
<br/> | [[File:ГЁТЕ24.png | thumb | И. В. Гёте. И. Штилер тарткан портрет.|left|365x365px]] | ||
[[File:ГЁТЕ24.png | thumb | И. В. Гёте. И. Штилер тарткан портрет.]] | (1826), Веймар театрынын уюштуруучусу ж-а жетекчиси (1791–1816). Лейпцигде (1765–68), Страсбургда (1770–71) окуган. Чыгармачылыгын «Бороон жана кысым» адабият кыймылына катышуу м-н баштаган («Жаш Вертердин азап чегүүсү» сентименталдык романы, 1774). 1775-жылы герцог Карл Августтун чакыруусу боюнча Веймарга келген. Улуу француз революциясын кайдыгер тосуп алса да, 1792-жылкы Веймардагы согушта француз революциячыл армиясынын маанисин «Дүйнөлүк тарыхтагы жаӊы доор дал ушул күндөн, дал ушул жерден башталат» деп белгилеген. Гётенин алгачкы поэтикалык чыгармалары (1767–69) анакреон лирикасынын салттарына жакын. 1770-жылдан Гётенин чыгармачылыгында жаӊы мезгил башталып, атактуу лирикалык ырлары м-н драмалары («Жолоочу», 1772; «Магомет ыры», 1774; «Бороондогу жолоочу ыры», 1771–72; «Гёц фое Берлихинген» драмасы, 1773) жаралат. Гуманисттик идеалдарга ишенген Гёте адам чыгармачыл кызматка жөндөмдүү экенин даӊазалап, Улуу француз революциясын «Венеция эпиграммалары» (1790), «Гражданин генерал» (1793) драмасы м-н «Немец эмигранттарынын маеги» (1794–95) новелласында чагылдырган. «Вильгельм Мейстердин окуудагы жылдары» романын (1793– 96), автобиографиялык «Өмүрдөгү поэзия жана чындык» (1811–33), «Италия саякаттары» (1816–29) романдарын, «Чыгыш-батыш диваны» (1814–19) циклин жаратат. Гётенин «Фауст» (1808; 1825–31) трагедиясы 18-кылымдагы бүткүл европалык агартуучулук ойду жыйынтыктап, 19-кылымдын проблемаларын алдын ала аныктаган. Адамдын чексиз мүмкүнчүлүгүнө ишеним Фаусттун образында өтө таасирдүү ж-а таамай берилген. Гётенин көркөм мурасы дүйнөлүк адабиятка зор таасир тийгизген. Россияда анын чыгармалары 18-кылымдан баштап («Фауст» 23 жолу) которулган. Ондогон изилдөөлөр бар. «Фауст» боюнча музыка ж-а опералар жазылып, сүрөттөр тартылган. Кыргыз тилине Гётенин айрым ырлары ж-а «Фауст» трагедиясынын биринчи бөлүмү которулган (1970). Гёте табият таанууда жаныбарлар м-н өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологиясы, физика (оптика ж-а акустика), минералогия, геология, метеорология боюнча бир нече эмгек жазган. Анын морфология боюнча изилдөөлөрү тарыхый мааниге ээ. «Өсүмдүктөр метаморфозасы жөнүндө тажрыйба» (1790), «Түс жөнүндө окуу» (1810) эмгектеринин автору. Өсүмдүктөр м-н жаныбарлар организминдеги биримдик жөнүндөгү көзкарашы Ч. ''Дарвиндин'' окуусуна көмөк болгон. «Морфология» деген терминди илимге киргизген. Гёте – натуралист, сүрөткер катары табиятты ж-а бардык жандуу нерсени (анын ичинен адамды да) бир бүтүн нерсе катары караган. | ||
(1826), Веймар театрынын уюштуруучусу ж-а жетекчиси (1791–1816). Лейпцигде (1765–68), Страсбургда (1770–71) окуган. | |||
<br/>Ад.: ''Шагинян М. С.'' Гёте. М.; Л., 1950; ''Людвиг Э.'' Гёте//Пер. с нем. М., 1965; ''Эккерман И. П.'' Разговоры с Гёте в последние годы его жизни. М.; Л., 1981. | <br />Ад.: ''Шагинян М. С.'' Гёте. М.; Л., 1950; ''Людвиг Э.'' Гёте//Пер. с нем. М., 1965; ''Эккерман И. П.'' Разговоры с Гёте в последние годы его жизни. М.; Л., 1981. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:42, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку нускасы
ГЁТЕ Иоганн Вольфганг (28. 8. 1749, Франкфрут на-Майне – 22. 3. 1832, Веймар) – немец акыны, жаӊы немец адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири, ойчул, Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү

(1826), Веймар театрынын уюштуруучусу ж-а жетекчиси (1791–1816). Лейпцигде (1765–68), Страсбургда (1770–71) окуган. Чыгармачылыгын «Бороон жана кысым» адабият кыймылына катышуу м-н баштаган («Жаш Вертердин азап чегүүсү» сентименталдык романы, 1774). 1775-жылы герцог Карл Августтун чакыруусу боюнча Веймарга келген. Улуу француз революциясын кайдыгер тосуп алса да, 1792-жылкы Веймардагы согушта француз революциячыл армиясынын маанисин «Дүйнөлүк тарыхтагы жаӊы доор дал ушул күндөн, дал ушул жерден башталат» деп белгилеген. Гётенин алгачкы поэтикалык чыгармалары (1767–69) анакреон лирикасынын салттарына жакын. 1770-жылдан Гётенин чыгармачылыгында жаӊы мезгил башталып, атактуу лирикалык ырлары м-н драмалары («Жолоочу», 1772; «Магомет ыры», 1774; «Бороондогу жолоочу ыры», 1771–72; «Гёц фое Берлихинген» драмасы, 1773) жаралат. Гуманисттик идеалдарга ишенген Гёте адам чыгармачыл кызматка жөндөмдүү экенин даӊазалап, Улуу француз революциясын «Венеция эпиграммалары» (1790), «Гражданин генерал» (1793) драмасы м-н «Немец эмигранттарынын маеги» (1794–95) новелласында чагылдырган. «Вильгельм Мейстердин окуудагы жылдары» романын (1793– 96), автобиографиялык «Өмүрдөгү поэзия жана чындык» (1811–33), «Италия саякаттары» (1816–29) романдарын, «Чыгыш-батыш диваны» (1814–19) циклин жаратат. Гётенин «Фауст» (1808; 1825–31) трагедиясы 18-кылымдагы бүткүл европалык агартуучулук ойду жыйынтыктап, 19-кылымдын проблемаларын алдын ала аныктаган. Адамдын чексиз мүмкүнчүлүгүнө ишеним Фаусттун образында өтө таасирдүү ж-а таамай берилген. Гётенин көркөм мурасы дүйнөлүк адабиятка зор таасир тийгизген. Россияда анын чыгармалары 18-кылымдан баштап («Фауст» 23 жолу) которулган. Ондогон изилдөөлөр бар. «Фауст» боюнча музыка ж-а опералар жазылып, сүрөттөр тартылган. Кыргыз тилине Гётенин айрым ырлары ж-а «Фауст» трагедиясынын биринчи бөлүмү которулган (1970). Гёте табият таанууда жаныбарлар м-н өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологиясы, физика (оптика ж-а акустика), минералогия, геология, метеорология боюнча бир нече эмгек жазган. Анын морфология боюнча изилдөөлөрү тарыхый мааниге ээ. «Өсүмдүктөр метаморфозасы жөнүндө тажрыйба» (1790), «Түс жөнүндө окуу» (1810) эмгектеринин автору. Өсүмдүктөр м-н жаныбарлар организминдеги биримдик жөнүндөгү көзкарашы Ч. Дарвиндин окуусуна көмөк болгон. «Морфология» деген терминди илимге киргизген. Гёте – натуралист, сүрөткер катары табиятты ж-а бардык жандуу нерсени (анын ичинен адамды да) бир бүтүн нерсе катары караган.
Ад.: Шагинян М. С. Гёте. М.; Л., 1950; Людвиг Э. Гёте//Пер. с нем. М., 1965; Эккерман И. П. Разговоры с Гёте в последние годы его жизни. М.; Л., 1981.