ГИДРОАККУМУЛЯТОР ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ (ГАЭС): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -га соңку нускасы
ГИДРОАККУМУЛЯ́ТОР ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫ (ГАЭС) – башка электр станцияларынан алынган электр энергиясын суунун потенциалдык энергиясына өзгөртүп, керек учурда кайрадан электр энергиясына айландыруучу гидроэлектрстанция. ГАЭС түтүк өткөргүчтөр м-н туташтырылган биринен-бири бийик жайгашкан эки бассейнден турат. ГАЭСтин ичинде насос м-н сууну төмөнкү бассейнден жогорку бассейнге соруп толтурат. Электр тогу керек болгондо суу жогорку бассейнден түтүк өткөргүчтөр аркылуу генератордук режимде иштөөчү ГАЭСтин агрегаттарына барып, аларды кыймылга келтирет. Аккумуляцияланган (чогулган) энергиянын чоӊдугу бассейндин сыйымдуулугуна ж-а жумушчу басымга жараша болот.