ЗЫКИНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЗЫКИНА Людмила Георгиевна to ЗЫКИНА over redirect) |
(Айырма жок)
|
05:59, 11 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗЫ́КИНА Людмила Георгиевна (10. 6. 1926‚ Москва –1. 7. 2009, ошол эле жер) – орус ырчысы, СССР эл артисти (1973). М. Е. Пятницкий атындагы орус элдик хорунун‚ 1951-жылдан Бүткүл союздук радионун‚ 1960-жылдан Москонцерттин солисти.

1977-жылы Гнесиндер атындагы музыкалык-педагогикалык окуу жайын бүткөн. Зыкина – белгилүү көп ырлардын (Долуханян, «Рязань мадонналары»; Пономаренко, «Оренбург жоолугу»; Фрадкин, «Волга агат» жана башкалар) чебер аткаруучусу. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө‚ анын ичинен Кыргызстанда гастролдо болгон. Лениндик (1970), РСФСР мамлекеттик (1983) сыйлыктарынын лауреаты. Эки Ленин, Ыйык Андрей Первозванный, «Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордендери менен сыйланган.