ИБРАИМОВ Жумабек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИБРАИМОВ 3 to ИБРАИМОВ Жумабек) |
(Айырма жок)
|
04:00, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИБРАИМОВ Жумабек (1.1.1944, Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы – 4.4.1999, Бишкек) – коомдук, мамлекеттик ишмер. 1972-жылы ФПИни бүтүргөн.

1972–76-жылдарда ошол эле институтта ассистент, окутуучу, 1976–77-жылдарда Москва шаарындагы станок куруу институтунда стажёр, Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводунда инженер-технолог, техникалык бюронун начальниги, 1977– 85-жылдарда Миң-Куш «Оргтехника» заводунун Рыбачьедеги филиалында инженер-конструктор, башкы конструктор, башкы инженер, директор, 1985–88-жылдарда Рыбачье шаардык элдик контроль комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП Рыбачье шааркомунун 1-секретары, 1988–92-жылдарда Кыргызстан КП БКда партиялык-уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчынын биринчи орун басары, партиянын Чүй обкомунун 2-секретары, 1992–93-жылдарда «Жанар» АКтын башкы директору, 1993–95-жылдарда Бишкек шаардык мамлекеттик администрация башчысы, 1995–96-жылдарда КРдин Мамкатчысы, 1996– 97-жылдарда КРдин Президентинин кеңешчиси, 1997– 98-жылдарда КР мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы – КР министри, 1998–99-жылдарда КРдин Премьер-министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (1990), КРдин Жогорку Кеңешинин (1990–99) 2 жолку депутаты. Бишкек шаарынын Эркиндик бульварына эстелиги орнотулуп, бир көчөсүнө ысмы берилген.